Кайталанма келте

Википедия дан

Каталанма келте — капысынан катуу башталуучу жугуштуу оору. Аны спирохеталар козгойт (к. Спирохетоздор). Оору козгогучтарды ташуучуларга (жуктуруучуларга) карата бит жана кене келтеси болуп экиге бөлүнөт.

Бит келте[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бит келтесинде спирохеталар бит аркылуу оорулуудан соо кишиге жугат. Ошондуктан бул оору калктын арасында бит көбөйгөн учурда (согуш, ачарчылык, жакырчылык жана башка мезгилдерде) таралат.
Кайталанма келтеде организмге кирген козгогучтар борбордук нерв системасынын клеткаларында көбөйүп, улам канга өтүп турган учурда оорунун жаңы приступтары (эт ысып, баш катуу ооруйт жана башка ушул ооруга мүнөздүү белгилер) бир нече жолу кайталангандыгы байкалат. Ошондуктан оору кайталанма деп аталат. Оорунун инкубациялык мезгили 3 —14 күн (көбүнчө 1 жума). Ал катуу жана капысынан башталат.

Оорунун жүрүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дене температурасы тез арада 39°ка чейин же андан жогору болот, баш чыдатпай ооруйт, оорулуу алсызданат; муундар, айрыкча буттун муундары, булчуңдары сыздап ооруйт, ич өтүп, кусат, боор, көк боор чоңоёт, көп учурда сарык пайда болуп, мурундан кан кетет, оорулуу кан түкүрүүсү мүмкүн. Оору айыккыча мындай приступ 2—5 жолу кайталанат. Биринчи приступтун узактыгы 4—6 күнгө созулса, кийинкилериники улам кыс- карат. Ар бир приступтан кийин дененин температурасы кескин төмөндөйт, Бул учурда оорулуу көп тердеп, алы кетет. Оорулууну тезинен ооруканага жеткирип, дарылоо зарыл.

Оорунун алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы убакта келтенин бул түрү биздин өлкөдө кезикпейт. Аны алдын алууда калктын арасында битти жок кылуу, башкача айтканда. элдин санитариялык маданиятын көтөрүү чоң роль ойнойт. Кене келтесинде (эндемиялык, жергиликтүү) спирохеталарды түрдүү кенелер таратат. Бул оору Орто Азия жана Закавказье республикаларында, Түндүк Кавказда, Украинанын түштүгүндө кездешет.

Кене келте[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кене оору козгогуч спирохеталарды өз денесинде көп жылдар сактап, адамга жабышып канын соргондо (чакканда) шилекейи же заңы менен бөлүп чыгарып жугузат. Кене келтесинин жашыруун (инкубациялык) мезгили 1 — 2 жума.

Оорунун башталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оорунун башталышы, белгилери, агымы негизинен бит аркылуу жугуучу түрүнө окшош болот.

Бирок приступтары бит келтесине караганда көбүрөөк болуп, анын саны 10—12, кээде 28ге чейин жетет. Кайталанма келтенин жалпы өтүшү узак, оору 1 айдан 3 айга чейин созулат. Бул түрүнүн дагы бир өзгөчөлүгү, кене чаккан жер шишип, жара пайда болот. Оорулуу ооруканада дарыланат. Алдын алууда кенелерди жоготуу, кене чагуудан сактануу керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8