Календарь

Википедия дан

Календарь — табияттын мезгилдүү кубулуштарынын негизин- деги асман жарык чыгаруучуларынын кыймылына байланышкан убакыттын узак аралыгын эсептөө системасы. Календарь жана аны түзүүдө, иликтеп үйрөнүүдө күн менен түндүн, жыл мезгилдеринин алмашышы, ай фазаларынын өзгөрүшү пайдаланылат. Убакыт чегинин бирдиги күн менен түндүн алмашуусу - сутка, айдын, жердин айлануусу - ай, жердин күндү толук айлануусу - жыл деп кабыл алынган. Натыйжада дүйнө элдеринде ай, ай-күн жана күн календары пайда болгон. Ай календарында жыл 12 айдан, ар бир ай 30 же 29 суткадан турган. Бир жылда 355-354 сутка болгон. Ай календары мусулман өлкөлөрүндө кеңири колдонулган. Бул календарь боюнча эсептөөнүн башталышы Хижранын же 622-жылдын 16-июлуна дал келет. Бул календарды мусулман жыл санагы деп да атап жүрүшөт. Ай-күн календарында 19 жыл 235 айга барабар. Ар бир 19 жылдын ичинде 12 айлуу 12 жыл жана 13 айлуу 7 жыл бар. Бул календарь байыркы мезгилде Вавилон, Израил, Корея, Монголия, Япония жана башка өлкөлөрдө колдонулган. Күн календары б.з.ч. 4-миң жылдыкта Египетте түзүлгөн. Мында жыл 365 күндөн турат, ар бири 30 күнгө созулган 12 айга бөлүнөт. Жыл аягына эч бир айга киргизилбеген 5 күн майрам кошулган. Буга Юлиан, Григорий жана башка календарлар кирет. Юлиан календары б.з.ч. 46-жылда Римдин атактуу императору Юлий Цезардын чечими боюнча кабыл алынып, анын ысымында аталып калган. Ал боюнча жыл 365 суткадан, 7 ай 31 күндөн,4 ай 30, февраль айы 28 күндөн турган. Бул учурда да жыл 6 сааттан кемийт. Ал чогулуп отуруп, 4 жылда бир суткага жеткен, ошондуктан аны ар бир 4-жылга кошууну чечишкен. Мындай жыл «узак жыл» деп аталып 366 күндөн турат. Бул календарь боюнча жылдын орточо узактыгы анын табыгый убактысынан 11 минут 14 секунддан ашык болуп, 128 жылда 1 суткага жеткендиктен, көп ыңгайсыздыкты жараткан. Григорий календарын Рим папасы Григорий 13 Юлии календарындагы мүчүлүштү жоюу максатында түзгөн. Юлий календарын кайра карап чыгып, жазгы күн менен түндүн теңелүүсүн 21-мартка алып келүү жана мындан ары аны бул датадан кечикпөөсүн камсыз кылуу үчүн, ал 1582-ж 4-октябрда бейшембиден кийинки 10 күндү кыскартып, кийинки күндү - жуманы 15- октябры деп эсептөөгө буйрук кылган. Кийин ката кетирбеш үчүн, ар бир 400 жылда 3 күндү жыл эсебинен алып салууну жана аягы 00 менен бүткөн кылымдык жылдардан 4кө так бөлүнбөгөндөрдүн узак жыл деп эсептөөнү сунуш кылган. Бул календарды ар кайсы убакта Европа өлкөлөрү колдоно баштаган. Биздин өлкөдө 1918- ж коммунисттердин сунушу боюнча 14-февралдан баштап киргизилген, же 1918-жылдын 1-февралы ошол жылдын 14-февралы деп кабыл алынган. Григорий календары боюнча ар бир айдын бирдей числолору жуманын бирдей күндөрү менен дал келбейт. Айлардын 28, 30 жана 31 күндөн, кварталдар 90-91, 92 күндөн, бир жарым жылдын 181 же 182, 184 күндөн турганы да оңтойсуздуктарды жаратары анык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]