Калий

Википедия дан
Калий.

Калий (лат. Kalium), 19 K[Ar]4s 139,102 – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IА группа элементи. Щелочтуу металлдар тобуна кирет; к.н. 19; ат. м. 39,102. Жаратылышта К. 3 изотоптон турат: 39К (93,08%), 40К (0,0119%) жана 41К (6,76%). К. изотопторунун бири 40К нур бөлүп чыгарганда атомунун 88% 40Са, 12 % 40Ar пайда болот. Жасалма изотопторунун эң маанилүүсү 42К (Т1/2 =12,52 жыл); ал индикатор катары химияда, биол. жана мед-да кеңири колдонулат. К. 1807-ж. Г.Деви КОН электролиздөө менен алган:

4KOH = 4K+ +4OH-

4K+ + 4e- ® 4K катоддо:

4OH-- 4e- ® O2 + 2H2O аноддо:

К. – күмүш түстүү, жумшак ак металл; эрүү темп-расы 63оС, к. темп-расы 776оС; электр тогун жакшы өткөрөт. К. жаратылышта жер кыртышынын (м. б-ча) 2,6 % түзөт. Негизги минералдары – сильвинит – nNaCl×nKCl; карналлит – KCl×MgCl2×6H2O; каинит – KCl×MgSO4×3H2O. К. өтө активдүү элемент. Абада тез окистенет, ошондуктан керосин же бензинде сакталат. К. дайыма I валенттүү. Кычкылтек менен оксид жана пероксид - K2O, K2O2 пайда кылат. Суу менен КОН, суутекти өзүнө сиңирип КН берет. Галогендер жана к-талар менен активдүү аракеттенип туздарды: (KF, KCl, KBr, KI, K2CO3, K2SO4) ж.б. пайда кылат. К. күкүрт, көмүртек менен ысытканда сульфидди – K2S, карбидди – KC8, KC16, K2C2 жана КНС2 берет. К. жардамы менен оксидди (B2О3, Al2O3 жана SiO2) калыбына келтирүүгө болот. К. спирттер менен орг. бирикмелери болгон алкоголяттар, ацетилен, этилен менен карбиддер пайда кылат. К. алуу орун алмашуу реакциясына негизделген:

KCl + Na ® K + NaCl;

6KCl + 2 Al + 4CaO ® 6K + 3CaCl2 + +CaO + Al2O3;

К2СО3 + 2С ® 2К + 3СО

Бул реакциялар вакуумда жана жогорку темп-рада жүргүзүлөт. Негизги бирикмелеринен KCl, K2SO4 – жер семирткич, K2S, KMnO4 – мед-да жана ветеринарияда, KBr сүрөт ишинде, KF – металлургияда, K2CO3 самын жана айнек жасоодо, К2Р2О7 жана К5Р3О10 кир кетирүүчү каражаттарды алууда, KClO3 ширенке жасоодо, K2SiF6 – лантаноиддерди алууда, K4 [Fe(CN) 6]×3H2O – кездеме боёдоо жана сүрөт ишинде KCN алтын, күмүш алууда, K2Cr2O7 – тери хромдоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]