Калий сульфаты

Википедия дан

Калий сульфаты, К2SО4 —түссүз кристалл, тыгызд. 2,66 г/см3, балкып эрүү t 4074°С; пайда болуу жылуулугу DНo298 = -342,66 кДж/моль. Oрг. эриткичтерде эрибейт. Жаратылышта калий ар кандай туздары менен бирге кездешет. Мис., полигалит, глазерит, шенит. К. с. үч валенттүү металлдар сульфаты менен кош туздарды, квасцтарды пайда кылат. К. с. калий хлориди менен магний сульфаты же күкүрт к-тасы орун алмашуу реакциясы аркылуу алынат. К. с. минералдык жер семирткич катары, квасцтарды алууда, алгачкы зат жана калийдин башка туздарын алууда колдонулат. Калий гидросульфаты КНSО4 — кристаллдары ромбу сымал түссүз зат, тыгызд. 2,3; балкып эрүү t 200°С. Абадан нымды тез синирип алат. Калий хлориди менен күкүрт к-тасы аракеттенүүсүнөн алынат. Металлургияда флюс катары жана аналитикалык хим-да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]