Калмамбетова Назгүл

Википедия дан
Калмамбетова Назгүл
Файл:Назгуль Калмамбетова.jpg
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Калмамбетова Назгүл
Туулган жылы: 1972-жылы 30-апрель
Туулган жери: Комсомол айылы, Кочкор району, Нарын облусу
Өлкө: Кыргызстан желегиКыргызстан
Ишмердүүлүгү: жазуучу, журналист

Назгүл Калмамбетова - жазуучу, журналист.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Н.Калмамбетова Кочкор районунун Комсомол айылында 1972-жылы 30-апрелде төрөлгөн.

Айылынан орто мектепти аяктагандан кийин, 1990-жылы Фрунзе шаарындагы Касымаалы Баялинов атындагы китепканада эмгек жолун баштаган.
Андан соң "Бишкек шамы" гезитинде эмгектенген.

1998-жылдан 2001-жылга чейин "Сырдуу дүйнө" гезитинде кабарчы болуп эмгектенген.
2001-жылдан 2007-жылга чейин «Кыргыз Караван» гезитинин, "Кыз-жигит", "Сен жана Мен", "Укмуштуу окуялар", "Адабий гезит" басылмаларынын кабарчысы, жооптуу редактору.
2005-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз журналистика факультетин аяктаган.
2008-жылдан ушул кезге чейин "Жаңы Агым" гезитинин кабарчысы.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2001-жылдан тартып Назгүл Калмамбетова кыргыз журтчулугуна жазуучу катары таанылды. Н.Калмамбетованын "Өгөй кыз" романы «Кыргыз Караван» гезитине басылып чыгып, андан соң анын "Кайнатанын каргышы", "Калбүбүнүн касамы", "Сүйүү жана байлык", "Мүрзөдө туулган бала", "Бейтаалай" роман, повесстери жарык көргөн.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Өгөй кыз. Роман. 6 том.
  • Кайнатанын каргышы. Повесть, 3 бөлүк.
  • Калбүбүбнүн касамы. Повесть.
  • Сүйүү жана байлык. Повесть.
  • Мүрзөдө туулган бала. Повесть.
  • Бейтаалай. Повесть.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2013-жыл:Станбек Усупов атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты.

Интернет шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]