Калыгулдун Ормон ханга айтканы

Википедия дан

Калыгулдун Ормон ханга айтканы
(үзүндү)

Орус алат жериңди,
Сындырат сенин белиңди.
Уга жүргүн кебимди,
Таап коёт эбиңди.
Ошондон кийин душманың,
Ичиңде калар бышманың.
Абайла айткан сөзүмдү,
Ачып жүргүн көзүңдү.
Азапка салба өзүмдү,
Кулак салгын кебиме.
Куп келтирет эбиңе,
Малыңды айтып мактанба,
Көп казакка аттаба,
Казактын малын аласың,
Как талаада каласың.
Орус келсе элиңди,
Сындырбасын белиңди.
Арасында баатырым,
Уга жүргүн кебимди.
Келип калса кокустан,
Сактайсың сары талааны.
Солдаттыкка бересиң,
Ичиңен чыккан баланы.
Багасың анда балбейсиң,
Торпок менен тананы.
Ойлой жүргүн Ормон хан,
Так ушундай санааны.
Көрүп турам далайды,
Көчүп жүрүп барарсың,
Анжыян менен Алайды.
Оюңа алып билип жүр,
Уруп жүргөн малайды.
Кезек келип калбасын,
Кегин кокус албасын!
Күркүрөгөн кара кар,
Күчү пилге барабар.
Кара чымын таласа,
Талаага баспай тартынар.
Тоодакка тойбос ак шумкар,
Таранчыга талпынар.
Ойлосоңчу, кан Ормон,
Карап турсам кан соргон!

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калыгул. Казыбек. Казалдар.