Кальций гипохлорити

Википедия дан

Кальций гипохлорити, Ca(ClO)2 – түссүз кристаллдык зат. Ажыроо температурасы 180оС, сууда эрийт: 27,9 г (0оС); 33,3 (25оС). 99,2 % активдүү Cl2 камтыйт (туз к-тасынын таасиринде бөлүнүп чыккан хлор). Суудагы суюлтулган эритмесинде DН0п. б. – 763,2 кДж/моль, DG0п.б.– 626,0 кДж/моль. Курамында бир-, эки жана үч моль суусу бар гидраттар пайда кылат. Орг. заттар катышуусунда жарылууга жөндөмдүү. Акиташ сүтү менен хлор өз ара аракеттешүүсүнүн натыйжасында пайда болот. Кагаз, кездеме агартууда, дезинфекциялоо иштеринде колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]