Камалов Абдимитал

Википедия дан

Камалов Абдимитал - жазуучу, сынчы.

Абдимитал Камалов Ноокат районунун Исанов айыл өкмөтүнүн Кожоке кыштагында 1940-жылы 4-майда туулган.
1964-жылы Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктап, Араван районундагы Андреев атындагы сегиз жылдык мектепте кыргыз тили, адабияты мугалими, директордун окуу-тарбиялык иштери боюнча орунбасары,
1965-жылдан Ноокат райондук «Колхозчу» гезитинде,
1966-жылдан облустук «Ленин жолу» гезитинде адабий кызматкер болуп иштеп,
1973-жылдан Ош облустук телерадиокомитетинде иштөөгө которулган. Радио боюнча кабарчы, улук редактор, теле боюнча редактор, улук редактор,
1991–1992-жж. Телерадиокомитетинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу, андан соң облустук телерадиокомпаниясында «Акбуура» адабий драмалык көңүл ачуучу борборунун продюссери болгон,
1999-жылдын 8-июлунан Жазуучулар союзунун облустук бөлүмүнүн башчысынын орунбасарлык милдетин аткарат.
А.Камаловдун адабий чыгармачылык жолу 1958-жылдан башталып, анын биринчи «Ата Ленин» деген ыры Ноокат райондук «Колхозчу» гезитинде жарыяланган.
1961-жылы «Ленинчил жаш» гезитине «Адам болгум келет» деген рецензиясы жарыяланып, сын, поэзия, проза жанрларында тең иштеп, биринчи аңгемелер жыйнагы «Дарман» (1972) деген ат менен жарык көргөн.
1993-жылы республикалык Жолон Мамытов атындагы сыйлыктын 2 жолку лауреаты, 1996-жылы Президенттик стипендиат болуп, 1994-жылы «Эл агартуунун отличниги» деген наам алган.
А.Камалов 1981-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Дарман: Аңгемелер. – Ф., 1972. – 106 б.

Бакыт сереси: Даректүү баян. – Ф., 1979. – 108 б.

Азиреттин көздөрү: Аңгемелер. – Ф., 1979. – 202 б.

Көңүл: Аңгемелер, повесть. – Ф., 1980 – 250 б.

Баскан жолду арбытат..: Очерктер жыйнагы. – Ф., 1983. – 216 б.

Бешик ыры: Повесть. – Ф., 1987. – 300 б.

Таңдайга атылган ок: Повесттер. – Ош, 1995. – 124 б.

Атанын уулу: Аңгемелер. – Ош, 2001.

Кечки жомок: Аңгемелер. – Ош, 2002.

Ыр кашык: Ырлар. – Ош, 2005.

Дилазык.: Ырлар, аңгемелер. -Б.: Бийиктик, 2006.

Чынчыл сындын сырттаны: Адабий сын. – Б.: Бийиктик, 2007.