Камсыздандыруу

Википедия дан

Камсыздандыруу — сактандыруу уюму (сактандыруучу) жана жеке же юридикалык жактын (сактануучунун) арасындагы, сактануучунун мүлктүк мүдөөлөрүн коргоо боюнча укуктук карым-катыштар. Сактандыруучу сактануу жагдайдын натыйжасында болгон зыяндын ордун, сактануу фонд аркылуу, сактануучуга толтуруп берет. Сактануу фонду сактануучулардын төлөмдөрүнөн түзүлөт.

Сактандыруунун негизги эки түрү болот:

  1. Жеке сактандыруу;
  2. Мүлктү сактандыруу.

Калыбына жараша экиге бөлүнөт:

  1. Милдеттүү түрдө сактандыруу;
  2. Эрктүү түрдө сактандыруу.

Сактандыруунун багыттары:

  1. Рисктен сактануу;
  2. Зыянды төмөндөтүү;
  3. Инвестициялык;
  4. Сактык.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]