Канатбек Бегалиев

Википедия дан
Канатбек Бегалиев
Жеке маалыматы
Жынысы

Эркек

Толук аты-жөнү

Канатбек Кубатович Бегалиев

Жарандыгы

 Кыргызстан

Чеберчилиги

Грек-рим күрөшү

Төрөлгөн датасы

14 -февраль 1984(1984-02-14) (40 жаш)

Төрөлгөн жери

Өзгөрүш, Ленинполь району, Кыргыз ССРи, СССР

Бою

168 см

Салмагы

66 кг

Спорттук чини

Кыргыз Республикасынын Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери


Канатбек Бегалиев (1984-жылы 14-февралда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында туулган, Кыргызстан). Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек Синирген спорт чебери. Бээжин Олимпиадасында жараткан ийгилиги үчүн Мамлекет тарабынан Даңк медалы менен 2008 ж. сыйланган. Учурда үй-бүлөсү менен Бишкек шаарында жашайт. 2 кыз , 1 уулдун атасы.

  • 2008 ж. ХХIХ Бээжин Олимпиадасынын 66 кг. салмактагы грек-рим күрөшү боюнча күмүш байгенин жеңүүчүсу.
  • 2007 ж. Бишкек шаарында өткөн греко-рим күрөшү боюнча ХХ Азия биринчилигинде 66 кг. алтын байгенин ээси.
  • 2006 ж. Кытай Эл Республикасынын Гуанжоу шаарында өткөн дүйнөлүк биринчиликтин 66 кг. күмүш байгенин ээси.
  • 2004 ж. Афина Олимпиядасына Ташкент шаарында өткөн лицензиялык турнирден күмүш байгеге ээ болуп, жолдомо алган.
  • 2003 ж. Индия Республикасынын Нью-Дели шаарында өткөн чоңдор арасында Греко-рим күрөшү боюнча Азия биринчилигинде коло байгени жеңип алган.
  • 2002 ж. Иран Республикасынын Тегеран шаарында болуп өткөн жаштар арасындагы Азия биринчилигинин күмүш медалынын ээси.
  • 2001 ж. Иран Республикасынын Тегеран шаарында болуп өткөн Азия биринчилигинин алтын медалынын ээси.
  • 2000 ж. Иран Республикасынын Хамадан шаарында болуп өткөн өспүрүмдөр арасында Азия биринчилигинин күмүш медалынын ээси.
  • 1999 ж. Дания Республикасынын Никобинг шаарында болуп өткөн өспүрүмдөр арасында Дуйнөлүк биринчилигинде олжолуу бешинчи орунга ээ болгон.
  • 1998 ж. Россия Федерациясынын Москва шаарында болуп өткөн Дуйнөлүк Жаш Өспүрүмдөр Оюндарында жетинчи орунга ээ болгон.