Каныбек

Википедия дан
Каныбек
Жазуучу Касымалы Жантөшев
Өлкөсү  ССРС
Тили кыргыз
Басмакана Кыргызмамбас
Чыккан жылы 1-китеби 1939-ж., 2-китеп 1941-ж., 3-китеп 1948-ж.
Беттери 275, 153, 239

КаныбекКасымалы Жантөшевдин кыргыз фольклоруна болгон мамилеси биринчи муундагы кыргыз жазуучуларынын өкүлдөрүнө караганда айрыкча бир кырдаалдар менен айырмаланып турат. Дегеле жазуучунун фольклорго мамилесин ажыратып, жиктеп, этаптарга бөлүп көрсөтүү мүмкүн эмес.

Фольклордук аң-сезимдин стихиясы жазуучунун бүткүл чыгармачылык жолун бирдей эле даражада аралап өтөт десек болот, башкачараак айтсак, К. Жантөшев жаралышынан импровизатор-айтуучу, бирок жазма түрүндөгү импровизатор. Импровизатордук касиет: сюжеттик чиелеништерде, баяндоонун коюлушунда, макал-лакаптардын, уйкаш сөздөрдүн жамакталышында, атайын кооздукка, сулуулукка, чечендикке басым коюлган сүрөттөөлөрдө, ар бир окуянын акыл-насаатчыл жыйынтыгында, ачык эле сезилген. Жазуучунун элдин турушуна, тарыхый окуяларга жасаган эстетикалык мамилеси анын негизги китеби “Каныбек” романынан көрүнгөн. Мындагы бардык маселе, барып-келип, адамды сүрөттөөгө, анын ички табиятын ачууга байланыштуу. Фольклордук адам менен реалисттик адабияттагы адамдын ортосунда көз кайкыган дистанция жатат. Мындай деп айтууга буларды бири-бирине карама-каршы коюу, же бирин басмырлап, бирин көкөлөтүүгө жатпайт. Эми бир аз учурга реалдуу картинаны көз алдыга келтиреличи, жаңы гана фольклордон бүчүрлөп, бөлүнүп чоң реалисттик көркөм дүйнөнү тааный элек, тааныса да чала-моңол, “чөп башылап” билген жаш адабияттын өкүлү биринчи жолу роман жазууга киришкен. Роман өткөн каардуу заманда жашаган кулдун оор тагдыры, кыйын турмушу жөнүндө. Өткөн турмушту, анын татаал социалдык, экономикалык, коомдук кубулуштарын, ошол учурда жашаган адамдардын кулк-мүнөзүн, нравасын, умтулуш ой-тилектерин, келечек үчүн күрөшүн, өз заманынын алдыңкы адамынын образын бардык тараптан шайкеш сүрөттөө үчүн жалгыз табигый таланттын жетишсиздеги түшүнүктүү. Турмуштук кеңири “багаж”, жалпы эрудиция жөнүндө айтпай эле коёлу, автор ориентация ала турган, өзүнүн издемчил тынымсыз аракетине таяна турган, кандайдыр бир күчтүү эстетикалык өбөлгөлөр да зарыл эмеспи. Маселен, азыр сөз жүрүп жаткан К. Жантөшев Каныбектин образын сүрөттөөдө кандай көркөмдүк факторлорго таянат эле? Албетте, биринчи иретте – фольклорго. Мында таң кала турган же бүшүркөй турган эч нерсе жок. Турмушту тарыхый документалдык материалдын негизинде иликтеп үйрөнүү үчүн жазуучуда мүмкүнчүлүк аз болчу. Ырас, ал учурда автордун алдында тарыхый роман жазуу милдети турган эмес. Бирок өткөн тарыхый турмушту реалдуу чагылдыруу ар бир автордон так жана терең историзмди талап этери шексиз.

Коом таануу илимдеринин ал мезгилдеги деңгээли дагы жазуучуга жарытылуу көмөк көрсөтө албады. Өткөн кылымдагы кыргыз элинин турмушун иликтөө маселеси да ал учурда жарытылуу түрдө колго алына элек болчу. Мына ошондуктан эски доордун реалдуу турмуштук картинасын жаратууда автордун таянар бирден-бир тоосу – бул эл оозунда айтылган ар түрдүү аңгеме-кептер, уламыштар, поэтикалык материалдар болду. Ушундан улам Каныбектин жеке адамдык касиет, сапаттарын сүрөттөөдө анын принциптеринин айкын издери жатканы таң каларлык иш эмес. Мындайча айтуу К. Жантөшевдин жазуучулук ыгына түшүрүп, ал жараткан образдын эстетикалык баасын төмөндөтүүгө эч жатпайт. Андан көрө, автор ошол фольклордук ыгын канчалык терең сактап, канчалык анын байыркы нугун таза кармай алса, анын түзгөн образы ошончолук таасирдүү жана өзүнүн максаттуу чекитине жетип турат, ал эми эстетикалык нуктан чыгып, эпостук нукта жаралып калган көркөмдүк системага кайрадан кайрылып, таза психологиялык, социалдык жышаандарды кошо баштаганда каарман жасалмалуу тарта баштайт деп айтсак ылайыктуу болот. Бул тезистин маанисин байкаш үчүн романдын 1939–41-жылкы редакциясы менен кийинки 1972-жылкы жазуучунун чыгармалар жыйнагына кирген редакциясынан бир эпизодду салыштыруу жетиштүү.

Мурдагы редакция боюнча романдын экспозициялык бөлүгүндө Каныбек турмуштун аркы-беркисин ойлоно элек, тузагына түшкөн кекилик-чөөгө кубанып, “кулун жалды” созолонтуп ырдап, коюн жайып жүргөн бала эле. Ал эми азыркы редакциясында романдын башталышында эле Каныбек турмуш жөнүндө ойлоно баштаган, болгондо да социалдык адилетсиздик кайдан чыгып жатканын түшүнүүгө аракеттенген.

“Каныбек” романынын азыркы редакциясынын көркөмдүк доминантасы – адам мүнөзүн сүрөттөөдөгү бир пландуулук – өзүнүн генезиси боюнча фольклордук поэтика менен байланышкан. Адамды сүрөттөөдөгү бир пландуулук дегенибиз – анын жеке санаттарын алдын-ала аныктап, белгилеп коюу. Бала Каныбектин (он үч жаштагы) ары акылдуу, баатыр, күрөшчүл, жайы келсе, өнөрпоз адам болору күн мурунтан эле билинип турат. “Каныбек” романынын көтөргөн тарыхый-адабияттык жүгү бар. Ал жазуучунун көркөм ой-жүгүртүүсүнүн тарыхый деңгээли менен шартталган. Бул романдын күчү фольклордук эстетикага таянганында.

Китептин биринчи басылышы өз учурунда эл арасына кеңири таралышы да бекеринен эмес. Мындай деп айтууда “Каныбекти” жомоктун ирегесине биротоло байлап коюучулук жок. Ал дал ошол поэтикалык мааниси менен улуттук сөз искусствосунун дүйнөсүн байытып, социалисттик реализмдин дүйнөсүнө кирген. Бул баарынан мурда көп түйшүктүү Каныбектин образына байланыштуу. Анын көргөн күнүн, тарткан азабын, мындай акын караганда, бир адамдын биографиясы сыйдырар беле да ушунчалык кайчы келген тоскоолдуктардын баарын жеңип чыгууга бир күчү жетет беле деп ойлойсуң. Ушунун баары жазуучунун учкул ой жорутуусунан жаралып, ушунун баары бир гана максатка багытталган: социалдык адилетсиздикке каршы кулдун стихиялык протестинен баштап, аң-сезимдүү күрөшчүлдүк деңгээлине чейинки жолду көрсөткөн.

Автор каарман канчалык көп кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды жеңип чыкса, ал ошончолук баатырлыктын наамына атак-даңкка ээ болот. Дал ушул көркөмдүк этикет ар дайым жазуучунун көз алдында турду. Бул үчүн автор күнөөлүү эмес, ал өзүнүн закондуу жолу менен баратты. Натыйжада ошол көркөмдүк принциптердин негизинде жаңыдан тороло баштаган адабиятта роман жанрынын өзүнчө бир үлгүсүн жараткан. Ал үлгү байыркы эпиканын көп катмарлуу дүйнөсүнүн тереңинен чыгып, бүгүнкү реалисттик прозага карата ишенимдүү көпүрө салган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]