Кан тобу

Википедия дан
Кан топтору‎»‎ барагынан багытталды)

Кан топтору — ар бир кишинин канынын биохимиялык жеке өзгөчөлүктөрү.

Топтор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ян Янский

Бул өзгөчөлүктөр эритроцит белокторунун түзүлүшү түрдүүчө болушуна байланыштуу. Иммунологиялык өзгөчөлүтүнө байланыштуу адамдын каны жынысына, жашына, расасына карабастан 4 топко бөлүнөт. Кан топтору жөнүндөгү окууну чех илимпозу Янский түзгөн (1907). Кандын тигил же бул тобуна кире тургандыгы эритроцитте А жана В фактор (антигендер, изоантигендер), кан плазмасында α жана β факторлорунун (изоантителолор) болушу менен аныкталат.

Кан топтору

I топ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кээ бир кишилердин эритроциттеринде А жана В изоантигендер болбойт, ал эми плазмада α жана β изоантителолор болот. Булар I топко (Оα β) кирет.

II топ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каны II топко кирген кишилерде А изоантигени менен β изоантитело болот (Аβ).

III топ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айрым адамдарда β изоантигени жана α изоантитело болот (βα). Булар III топко кирет.

IV топ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

IV топтогу канда АВ изоантигендери болуп, изоантителолор болбойт (АВО).

Гемолиз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эгерде А изоантигени α изоантитело менен же В изоантиген β изоантитело менен кошулса, эритроциттер бири бирине жабышып (агглютинация), андан ары эрийт (гемолиз). Мындай реакция башка топтогу кан куюлганда да жүрөт.

Кан куюуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кан куюуда кан топторун аныктоонун мааниси чоң. Биринчи топтогу канды өзүнө окшош топтогу канга жана башка үч топтогу(II, III, IV) канга куюуга болот. Экинчи топтогу канды өзүнө окшош топтогу канга жана III, IV топтогу канга куюуга болот. Үчүнчү топтогу кан өзүнө окшош топтогу канга жана IV топтогу канга куюлат. Биринчи топтогу канды бардык топтогу кандарга куюуга мүмкүн болгондуктан универсалдык донор деп аталат. Ал эми IV топтогу кан өзүнө окшош топтогу кандан башка топтогу кандарга куюуга жарабайт, ага башка (I, II, III) топтогу кандын баары куюлат, ошондуктан алар универсалдык реципинет болушат. Бирок бири бирине туура келген канды узакка же көп куюунун натыйжасында универсалдык донор деп аталган кан өзүнүн терс таасирин тийгизет, анткени кан топторунан башка изоантигендик реакциялар болот.

Rh — фактор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кишилердин 85%инин эритроцитинде антигендер (Rh — фактор) болуп, 15%инде болбойт. Rh фактор барлар резусу — оң, жоктор — резусу терс деп аталат. Резусу оң атадан резусу терс эненин боюна бүтсө, түйүлдүктүн атадан тукум кууган антигенинин таасиринен эненин организминде антитело пайда болуп, түйүлдүктүн эритроцитин бузат (гемолиз). Мындай резус — сыйышпастык резусу оң канды резусу терс кандуу кишиге кайталап куйганда да байкалат.
Кан топтору жөнүндөгү окуу жалпы иммунологиянын негизги бөлүгү болуп, айрым дарылоо ыкмасынын (мисалы, кан куюу, органдарды, ткандарды көчүрүү жана башка) негизин түзөт. Ошондой эле хирургия, акушерлик жана гинекология, сот медицинасы, антропология, генетикада кеңири колдонулат. Кан топторунун белгилери тукум куума болгондуктан баланын атасын аныктоодо, эненин балдары алмашканда жана башка пайдаланылат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8