Капар Алиев

Википедия дан
Капар Алиев. 1960-жылдардын акырындагы үй-бүлөлүк сүрөт архивинен. Бишкек (Фрунзе) шаары, Кыргызстан.

Капар Алиев (8.5.1927 - 12.5.1970) - кыргыздын белгилүү журналисти, сыналгы жана үналгы диктору, юморчу жазуучусу.

Туулган жери, бала-чагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Капар 1927-жылдын 8-майында Кыргызстандын Теңир-Тоо аймагындагы Эчки-Башы кыштагында туулган.

Атасы Аалы Нурмат уулу (тынымсейит уруусунун күмүш уулунан) айылындагы оокаты тың кишилерден болгон.

Таалим алуу, окутуучулук учуру[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал 1943-жылы Нарындагы мугалимдер окуу жайын бүтүрөт. Билимдин бешиги аталган айылдык мектепте иштейт. Эр жеткенден көркөм адабиятка, өнөргө кызыккан Капар окуучуларга адабияттан сабак берет.

Агасы Абдыракман Алиев Улуу Ата мекендик согушка катышып, туткунга түшүп, Балкан аймагында югослав партизандарынын катарында нацисттерге каршы согушкан, бирок кийинчерээк Сталиндик сүргүндө (ГУЛАГ) болуп, акыры акталып чыккан.

Капар бир тууган агасынын аянычтуу тагдырынын айынан 1940-жылдардын акыры - 1950-жылдардын башында оор кыйынчылыктарды баштан кечирген.

Ошого карабастан, ал чыгармачыл дүйнөгө үңүлгөн.

Бир эле мезгилде облустук, республикалык гезиттердин беттерине айылдык ар кандай турмушту баяндаган чакан макалалардан тарта сүрөттөмөлөрдү, очерктерди жазат.

Борбор шаардагы чыгармачылыгы. Диктордук мектеби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаш жигиттин болочоктогу жаркын шыгын сезген жана көрө билген «Ленинчил жаш» гезитинин жетекчилери Капарды 1951-жылы Фрунзеге (азыркы Бишкек) адабий кызматкер болуп иштөөгө чакырышат.

Ал эми 1952-жылдан 1960-жылга чейин Капар Алиев Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Радио комитетинде диктор болуп иштейт.

Капардын тубаса дикторлук шыгы радиодо иштеген жылдарында бажырая ачылат. Ал куш тилиндей кабарлардан тарта саясий бюро мүчөлөрүнүн докладдарын, ар кандай өтө жооптуу, өткөрө маанилүү өкмөттүк билдирүүлөрдү окуйт.

Кыргыз үналгысында обого түз чыккан далай берүүлөрдү алып барган.

Капардын көркөм окуучулук чеберчилиги акындардын ырларын, очерктерин, аңгемелерин, радиокомпозицияларды, музыкалык адабий берүүлөрдү окууда көрүнөт.

Ал кандай гана жанрдагы радио берүүлөрдү окубасын, ар бир үтүр, чекитине чейин өзгөчө көңүл бөлүп, басым жасап, маңызын ачып бүтүндөй жан дүйнөсү менен бериле эргий, кырааты менен келтире окуур эле.

Кыргызстандагы журналисттердин ичинен алгачкы жолу Жогорку категориядагы диктор деген кесиптик даражага жеткен.

Аны кыргыздын чыгаан сатирик акыны Райкан Шүкүрбеков "кыргыздын Левитаны" деп атап, ыр жазган.

1960-70-жылдары “Чалкан” журналында иштеди, бирок үналгыдагы диктордук ишин да ырааттуу улантты.

Кесиптештеринин баасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1965-жылдан тартып диктор болгон Шариман Нурматова айым “Азаттык үналгысы” үчүн курган маегинде Капар Алиев тууралуу мындайча эскерген:

Капар Алиев "Кыргыздын Левитаны" деген сөзгө татыктуу, андан да артык адам эле. Мен бул агайды көрүп, кызматташ болуп калганыма аябай сыймыктанам. Балапан кезимден көксөгөн адамдарына жолукканыма жана алар менен дикторлук кесипте иштеп калганыма сыймыктанам. Мен иштей баштаган кезде агай радио комитетте иштебей калыптыр. Бирок, күнүгө радиого келип адабий-музыкалык берүүлөрдү окуп жүрдү. Агай тексти бир сыйра карап чыгып, беш мүнөттөн кийин жазууга отурганда 30-40 мүнөттүк берүүнүн текстеринин бир жеринен жаңылбай, токтолбой шар жогорку деңгээлде ушунчалык укулуктуу, ушунчалык көркөм окуганына таң калаар элем.

Капар Алиевдин бир катар юмордук жана сатиралык аңгемелери жана фельетондору жарык көргөн, чакан аңгемелер жыйнагы жарыяланган.

Анын куйкум сөздүү юморлорунун арасында кантип бир нарындык “Ысык-Көлдөгү пароходду “көрмөк түгүл жеп жүргөнү” тууралуу кыргызга кеңири таралган анекдоту да бар.

Кинодогу салымы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Капар Алиев орус режиссеру Сергей Урусевскийдин Чыңгыз Айтматовдун “Жаныбарым, Гу́лсары” чыгармасына негизделип тартылган “Бег иноходца” көркөм тасмасында (1968, Мосфильм) Чоронун ролун аткарган. Бул тасмага андан башка да Казахстан Республикасынын эл артисти Нурмухан Жантурин, СССРдин эл артисттери Бакен Кыдыкеева, Фарида Шарипова жана Кыргыз Республикасынын эл артисти Советбек Жумадылов сыяктуу чыгаан кино актерлор тартылган.

Капар Алиев 1970-жылы 12-майда узак оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Сөөгү өзү туулуп-өскөн айылга коюлган.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз архитектор айымы Вера Алиева. Бишкек шаары, Кыргызстан. 2012-жылдын 20-октябры.

Жубайы Токтобүбү Асан кызы (Токон Казиева) 1923-жылы Кыргызстандын азыркы Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында туулган. Токтобүбү (Токон) апа 2013-жылдын 2-февралында 90го таяп калганда узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. Анын сөөгү 2013-жылдын 4-мартында Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Кант (Ысык-Ата) районундагы "Интернационал" айылында жерге берилди.

Капардын кызы Зина Алиева англис тилинин котормочусу. Ал Кыргызстандын Билим берүү министрлигинде, Кыргызстандын чет өлкөлөр менен достук коомунда иштеди. Зина Алиева айрым көркөм чыгармаларды кыргыз тилинен англисчеге которгон.

Капардын карындашы Вера Алиева (1940) кыргыздын алгачкы архитектор-илимпоз кыздарынан.

Капардын бир тууган агасы Абдырахман Алиев (1923--1971) Экинчи дүйнөлүк согушта нацистnbr немистердин колуна түшүп, концлагерде жаткан.

Абдырахман концлагерден качып чыгып, Балкандагы антифашисттик партизандык кыймылга катышкан. Кийинчерээк сталиндик доордо жазыксыз жерден сүргүнгө кесилип, И.Сталин өлгөн соң бир нече жыл өткөндөн кийин, 1957-жылы акталып чыккан. [1]

Ал тууралуу маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия. Жооптуу редактор Үсөн Асанов. – Бишкек, 1998. – (ISBN 5-89750-100-1) – 141-142-бет.
  • Жусупов, Кеңеш. Жан шерик: Жыйнак / Жыйнакты түзгөн Айгүл Эралиева. – Бишкек: Бийиктик, 2007. – 588 б. - ISBN 978-9967-13-229-0. - (Мында: 342-345-беттер).
  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – ISBN 978-9967-25-256-1.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://www.azattyk.org/a/wwii_iids_murdagy-sogush-tutqununun-tagdyry_2021_longread_abdyrahman-alijev_tch_ky/31171708.html