Капуста

Wikipedia дан

Бардык жерде айдалат. Ак, кызыл, брюссель, савой, түстүү жана кольраби деп бөлүнөт. Капустанын бардык түрлөрүндө суу, кант, белок, клетчатка, минерал туздар жана витаминдер бар.

Ак капуста[оңдоо]

Эрте жетилүүчү сортору (мыкты жана кеңири таралганы – “Грибовский 14”) сепкенден кийин 65-115 күндө жетилет, жаңы кезинде желет, туздаганга жарабайт. Убагаында жетилилүүчү сортору - ( “Славагрибовская 231, ”Белорусская 455”) 115-145 күндө жетилет; жаңы кезинде желет жана туздалат.

Ак капуста диеталык касетке мүнөздөп тамактанууда колдонулат. Капуста витаминдерге (В1, В2, В3, РР, К) бай өзгөчө С витамини 70 мг %ке жетет. Бышырган кезде капустаны кайнап жаткансууга салса, С витамини көпкө сакталат. Ак капустадан ар кандай кою, жана суюк тамактар, гарнирлер жасалат. Жаңы жана туздалган капуста начинка жана салат жасоодо да керектклет. Кыргызстанда ак капустанын “Июльская”, ”Грибовская 147”, ”Слава1305”, ”Надежда”, “Чуйская” сыяктуу сорттору айдалат.

Кызыл капуста[оңдоо]

Жалбырактары көгүш кызыл түстө. Кеңири таралган сорттору: ”Каменная головка 447” (себилгенден кийин 133-145 күндө жетилет), боробордук, түндүк жана чыгыш аймактарда айдалат, ”Гако” сорту (155-165) түштүк жана кургакчылык болуучу аймактарда өстүрүлөт. 0 С температурада кызыл капустаны бир нече ай бою сактоого болот.

Жаңы кызыл капуста 60мг% С витамини болот. Минерал туздары боюнча ак капустага жакын.

Жаңы кезинде маринаддалгандан кийин салат катары, демделгенден кийин сосиска менен гарнир катары берилет.

Блюссель капустасы[оңдоо]

Майда баштары жоон сабагындагы жалбырактардын араындагы көңдөйдө болот .”Геркулес” сорту кеңири таралган. Октябрда жыйналат; сабактары баштары менен бирге, бирок жалбыраксыз сакташ керек; 0 С температурада кыштын жарымына чейин сакталат. Капустанын башка түрлөрүнө караганда брюссель капустасында тез сиңүүчү белок, эле Свитамини жана каротин көп. Баштары бүтүн бою керектеле; аларды сабагынан кесип алып, бузулган жалбырактарын алып таштайт, абдан жууп андан кийин керектегенге чейи муздак сууга салып коет, бышырып, май кошуп жейт жана сорпо бышырууга керектелет.

Савой капуста[оңдоо]

Бул капустанын жалбырактары бырыш, саргыч-көк түстө, ак капустага караганда жылма тегерек формада болот. Эрте жетилүүчү соттору (“Юбилейная 2170”, ”Венская ранняя 1341”) июльдун аягында, ал эми кеч жетилүүчү сорттору (“Вертю 1340”) октябрда (0 С температурада февральга чейин сактоого болот) жыйналат. 31-58 мг% С витамини бар. Сорпо бышырылат, гарнир, пирогго начинка жасалат, туздаганга жарабайт.

Түстүү капуста[оңдоо]

Капустанын башы жалбырактар менен оролгон, жана жыш жайгашып түйүлө баштаган гүлдөрөн турат ал гүлдөр кыска, жоон бутакта жайгашкан. Тамак үчүн жалбырагынан тазаланган башы гана керетелет. Эрте жетилүүчү – “Гарантия”, ”Мовир 74” убагында жетилүүчү – “Отечественная”; Кеч жетилүүчү “Адлеровская зимняя 679”, “Адлеровская весенняя “ сорттору бар.

Түстү капуста тез бузулат 70мг %С витамини эле РР, К, В1, В2, В3, жана капротин бар. Түстүү капуста организимге жакшы сиңет, ошондуктан балдардын тамактануу рационуна кошулат. Мууну ооругандарга жакпайт. Түстүү капустанын башында дайыма курт кумурскалар болот, ошондуктан тамак жасардын алдында туздалган иуздак сууга салып 30-40мин коюш керек. Түстүү капустадан даамдуу сорполор жасалат, кургатылган сахарды майга кууруп, капуста менен өзүнчө жесе да болот, башка тамактарга гарнир катары да берсе болот.

Кольраби. Шаар же шалгам формасындагы өзөгүнө узун өскөн майда жалбырактары спираль сыяктуу оролгон. Сортуна жараша ар кандай түстөрү болот. Кеңири таралган эрте жетилүүчү сорту – “Венская белая“. Кольрабиде 50мг% С витамини болот. Сабактын жоон бөлүгү бышырылган, куурулган демделген жана консерваланган түрүндөө желет.