Карагулова Роза

Википедия дан

Карагулова Роза - акын.

Роза Карагулова Талас шаарында 1946-жылы 30-июлда туулган. Ал 1970-жылы КМУнун филология факультетин бүтүрүп, эмгек жолун Нарын жана Көл өрөөндөрүнүн мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

Р.Карагулова 1982-жылдан бери китепканачылык кесипти аркалап келет.
Р.Карагулова 1979-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү. Анын «Кыз дүйнөсү», деп аталган алгкачкы китеби 1975-жылы жарык көргөн. Айрым ырларына обон жазылган.
Р.Карагулова Р.Тагордун прозадагы ырларын которуунун үстүндө да алектенген.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

Кыз дүйнөсү: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1975. – 40 б.

Көл тынышы: Ырлар. – Ф.; Мектеп, 1978. – 96 б.

Жолдо: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 70 б.

Тынчы жок талаа: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 88 б.

Капчыгай: Ырлар жана поэма. – Б.: Адабият, 1991. – 128 б.

КОТОРМОЛОР[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Накылдар. – Б.: Техник, 2005. – 111 б.