Кара-Кече, агын суу

Википедия дан
Кара-Кече
Мүнөздөмө
Узундугу 45 км
бассейндин аянты 184 км²
Суу агымы
Аягы Жумгал суусу
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Кара-Кече агын суусу, Жумгал суусунун сол куймасы.

Узундугу 45 км, алабынын аянты 184 км2. Молдо-Тоонун түндүк капталынан башталып, түндүктү карай агатда, Жумгалга жетпей сугатка бөлүнүп кетет. Жогорку агымында өрөөнү куушураак, төмөндөгөн сайын кеңеет. Чатында салааларга бөлүнүп, саздуу. Жылдык орточо чыгым 1,1–1,5 м3/сек, эң көбү июньиюлда, азы декабрьянварда байкалат. Май айында кирип, сентябрда тартылат. Сугатка пайдаланылат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, Бишкек 2004, ISBN 9967-14-00-6-2