Кара-Суу (Кочкор району)

Кара-Суу, Кочкор району‎»‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Кара-Суу
Район Кыргызстан
Координаттар 42°11′45″ с. ш. 75°49′03″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 3511[1] адам (2021)
Сандык идентификаторлор
Кара-Суу (Кочкор району) (Кыргызстан)

Кара-Суу (Үч-Булак, Алкым, Кара-Ой) ― Кыргызстандын Нарын облусунун Кочкор районундагы айыл. Ак-Кыя айыл аймагына кирет. Бишкек-Торугарт унаа жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1855 м бийиктикте жайгашкан. Райондун административдик борбору ― Кочкор кыштагынан 7 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол станциясынан 65 км. Кыштак 1938-жылы негизделген. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, клуб, ФАП бар. Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы - 3511[1] киши; негизинен мал менен алектенет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]