Кара-Суу (шаар)
Кара-Суу | |
орус. Кара-Суу | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Облус |
Ош облусу |
Район түрү |
район |
Мэр |
[[]] |
Тарыхы жана Географиясы | |
Мурунку аталышы |
Дөлөнчөк |
Аянты |
38,7 |
Бийиктиктиги |
780 |
Калкы | |
Расмий тили |
кыргыз тили |
Калкынын саны | |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Улуттук курамы |
кыргыздар 80%, өзбектер 12%, тажиктер 2%, уйгурлар 1%, орустар 1% |
Диний курамы |
болжол менен 98% мусулмандар |
Этнохроним |
карасуулук, карасуулуктар |
Сандык идентификаторлор | |
Телефон коду |
+996 3232 |
Автоунаа коду |
О |
karasuu.kg |
Кара-Суу (мурдагы аты Дөлөнчөк, Долон-Чек, Долоно-Чек, Дөлөндүн чеги) ― Кыргызстандагы райондук маанидеги шаар. Ош облусундагы Кара-Суу районунун административдик борбору.
Шаар калкы 20 900 адам. Негизги калкы кыргыздар жана өзбектер, андан сырткары татар, орус, уйгур, тажик ж.б. улуттардын өкүлдөрү жашашат. Шаарда К. Жакыпов атындагы таланттуу балдар гимназиясы, Манас, Ленин, Бабур, К.Рахимов атындагы кыргыз, орус, өзбек тилиндеги мектептер болуп жалпы тогуз мектеп ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат, бир музыкалык мектеп иштейт. Ж. Бөкөмбаев атындагы парк, Ала-Тоо кинотеатры эс алуучу шаардыктарды тейлейт. Шаардын чыгыш тарабында өлкөнүн жана ушул аймактын экономикасында маанилүү роль ойногон белгилүү Кара-Суу базары жайгашкан. Батышында райондук оорукана жайгашкан. Кара-Суу темир жол бекети да ушул шаарда.
Кыргызстандагы белгилүү ырчы, саясатчы Ибрагим Жунусов жана ыйык Куранды биринчи болуп кыргызчага, өзбекчеге которгон Алауддин Мансур ушул шаарда туулуп өсүшкөн.