Каргыш

Википедия дан

Каргыш — бирөөгө карата каргап айтылган сөз. "Манас" эпосунун көркөм түзүлүшүнө кирген салттык-турмуштук ырларынын катарында К-тар кеңири жолугат. Алар алкыш сыяктуу эле тилөө жана арбоо максатында колдонулат. Бирок алкышка карата каршы максатта — бирөөгө наалат, кыянаттык келтирүү үчүн сөздүн магиялык кудурети жумшалат. Эпостун көркөм курамындагы К-тарды бир нече темага бөлүп кароого болот: теңирдин жана жердин кудуретине байланышкан К., ата-бабалардын арбактары менен байланышкан К-тар. Эпостун көркөм поэтикасындагы К-тар бул темалар менен гана чектелбейт, бири-бири менен байланышкан майда темадагы К-тар да жолугат. Байыркы түрктөр, анын ичинде кыргыздар Теңирди (асман, көк), жылдыздарды ыйык тутушуп, ар кандай элдик ишенимдер пайда болгон. Ошого байланыштуу алардын бүгүнкү лексикада да "Теңир урсун!". "Төбөсү ачык көк урсун!", — деген өңдүү арбоо К-тар кеңири жолугат. Эпостун текстинде теңирдин аты менен багытталган К-тар ар кандай кырдаалдарда колдонулат. Мисалы, ыйык тутулуп, Теңирдин аты менен К. багытталат:

Төбөсү ачык көк урсун,

Төшү түктүү жер урсун,

Көк милтенин чогу урсун,

Убадаңар чын болсо

Ушуга кандар кол көтөр...

Ат башындай ак куран

Алып келип баары да

Көкүрөгүн урушту (Сагымбай Орозбаков, 4. 16).

Контексттеги алты кандын К-ы ислам дининин элементтери менен айкалышкан. Мында алты кан Теңирге жана Жерге жалынып, Манасты багындырып бериш үчүн өздөрүнүн арбоолорун тилеп, убадаларын байланыштырышкан К-ында элдик ишенимдеги диндик элементтер колдонулуп К-ты бекемдөө үчүн "Ыйык куранды көкүрөгүнө коюшат". Бул учурда ислам ишеними К-ты баштапкы көөнөлүк түрүн жаап, чүмбөттөп калган. Эпосто көрүнгөндөй элдик көз караштын байыркы жана кийинки катмарлары бири-бири менен сиңишип, Теңир менен Жердин культтук мааниси эпостун бардык варианттарындагы салттык К-тар да кеңири колдонулуп, культтук Теңир, Жерге багытталып айтылган К. эпостогу эң бир каардуу, ырайымсыз, коркунучтуу К. катарында эсептелген. Эпостогу К-тардын башка түрлөрүнө ата-бабалардын арбактарынын аты менен багытталган К. жатат. Элдик ишенимде жаны өлбөйт, ал качан адам өлгөндө анын денесинен чыгып, күнөөсүнө жараша Теңирден же Жерден орун алат. Кыргыздар көпчүлүк учурда өздөрүнүн душмандарына, жамандык тилеген, кырсыктарды көп жасаган адамдарды "арбак урсун!" деген ата-бабалардын арбактары менен байланышкан К-ты колдонуп келишкен. Мындай мазмундагы К-тардын "Манастын арбагы урсун!" деген өңдүү түрлөрү кыргыз эпосунда кеңири жолугат. Ушул эле К-тын саал өзгөргөн түрү "Манастын тузу урсун!" делип да жолугат. Атасы Манас өлгөндөн кийин кырк чоросу кас болуп чыккан аракеттерин башынан өткөргөнСеметей аларды "Манастын тузу уруп кетсин!", "иттерди арбакка койдум!" — деп каргайт. К-тын мындай түрү Манас баатыр өлгөндөн кийин ар кандай шылтоо менен кыргыздардын саясий бирдигин бөлүп-жарган ички душмандарга карата колдонулган. Ата-бабалардын арбактары, алардын аты менен К. айтуу адам баласынын дүйнө таануу турмушунда өтө жаман К-тар катары саналат. Ошондуктан кытай каны Эсенкан коркунуч туудурган Алмамбетти "Арбак урган качкын!" деп каргашынан К-тын жогорку түрү көрүнүп турат. К-тын мындай касиетке ээ болушун Алты кандын Манас баатырга каршы чыкканда Манастын "Арбак урган кандар ай!" деп каргашынан көрүнөт. Эпостун көркөм курамындагы К-тардын арасында Жер менен байланышкан мүрзө-көр деген К-тар да бар. Бул К-тар кыргыздардын турмуш-тиричилигине мусулман салттарынын ургаалдуу кирген дооруна таандык. Мусулман элдеринде карасанатай адамды "Сазайыңды көр берсин!" деп көргө байланыштырып каргашкан. Эпосто Көкчө Алмамбетти Акеркеч менен көңүлү жакын деп күнөөлөгөндө, ак жеринен көө жабылган Алмамбет Көкчөнүн өзүн каргайт: "Адам болбой жит Көкчө Кара жер сорсун нээтиңди, Сенин карарткан кудай бетиңди" (Сагымбай Орозбаков, 2. 260). Семетейге каршы чыккан Канчорого Кыяс Манастын эли менен ынтымакка келүүнү сунуш кылганда, арам ою оңунан чыкпаган Канчоро Кыясты жана Жедигер элин каргап жиберет: "Бек болбой кара жерге кир, Жети кара көргө кир!" (Саякбай Каралаев,"Семетей", 308). Көрүнүп тургандай адамдардын ишениминде кара жер, көр тозок менен кыйноо болуп эсептелинген. К-тын ушул түрүнө "Кара жер сорсун нээтиңди" деген типтеги К-тар кирип, мында адамдын жаман ою бар экендиги белгиленет.

Эпосто адамдар жашап турган бул дүйнө исламдын таасири менен "азаптуу дүйнө, өлчөөсүз дүйнө, куруп калсын дүйнө, алакчы дүйнө" болуп кайталанат. Негизинен дүйнө менен байланышкан К-тар, каармандын башына кыйынчылык түшкөндө айтылат. "Чоң казатта" Аккуласы окко учкан Манас баатыр:

Азаптуу дүйнө оңбо, — деп

Арманга ичи жык болуп,

Арстаның бармакты жара чайнады.

Алача моюн ак шамшар

Ала коюп кайран шер,

Аккуланы чалганы

Өлчөөсүз дүйнө оңбой кал... (Саякбай Каралаев, 2. 206),— деп арман кылат. Эпостун контекстиндеги К-тын арасынан "Кара оозуңа кан толсун!" деп айтылган түрү да жолугат. К-тын бул түрү жоокерчилик турмушта, салгылашуу-чабышуулардын таасири астында пайда болушу мүмкүн. Байыркы кыргыздарда жаа, найза, кылыч, канжар жана башкалар кеңири тараган курал-жарактардан болгон. Мындай куралдардан жарадар болгон жоокер кансырап жатып өлгөн. Мына ушундай өлүмдүн коркунучтуу түрүн өзүнүн душманына каалашып багытташкан. Бул К. эпосто ар кандай шарттарда, согуштук окуяларда жана бейкуттукта сюжеттин өнүгүшүнө жараша ыза болгон каарман өзүнүн эмоциясын билдирген учурда колдонулат. Мисалы, Жолойго дит багып күрөшүүгө эч ким чыкпаганда, Кошой мындай К-ты колдонот:

Кара оозуңа кан толгур,

Кайрылгысыз күн болгур!

Куру оозуңа кум толгур

Кубангысыз күн болгур (Сагымбай Орозбаков, 3. 197).

Эпостун контекстиндеги бир топ К-тар элдин салт-санаасы, турмуш-тиричилиги менен байланыштуу. Манас баатыр өлгөндөн кийин анын тууганы Көбөш левират салтынын укугу боюнча Каныкейди Абыкеге алып берүүнү сунуш кылат. Бирок Абыке Манастын арбагын сыйлап Каныкейге үйлөнүүдөн баш тартат, анда иниси Көбөш мындайча К. айтып, тилденет: "Салпаяк акмак деп айтат, Садага кеткин катындан". "Садага кеткин" деген К. өзүнүн чыгыш теги боюнча шамандык ритуалдык атрибуциясынан.

Күндөлүк тиричиликке К-тын "апаңды ал, энеңди ал!" деген тибинин да таасири өто күчтүү болгон. Кыргыз бул К-ты ар намысына тийген учурда колдонуп, адамды жаман сөз менен тилдеген учурда колдонгон. "Семетейде" Айчүрөктү зордук менен алмак болуп келген Чынкожо Күлчородон жеңилип ичи күйгөндө Толтойго мындай деп К. айтат:"Айчүрөк албай апаңды ал, Эрке кыз албай энеңди ал!". Эл арасында уруулук түзүлүштөгү анимисттик көз караштагы К-тар да өтө коркунучтуу эсептелген. "Жети атаңдын боорун же!" деген өңдүү К. да К-тардын коркунучтуу, өтө жаман тибине кирген. Ата-бабалардын рухтары кыргыз элинин аң-сезиминде өзгөчө тутулуп, жети атанын К-ы кырсык алып келе турган К. делинген. "Манас" эпосунун сюжетинде К. Айдарга билдирген мамилесинде Манастын оозунан чыгып, Аккуланы чоң байгеге чапкан мезгилинде, намысына келген баатыр бул К-ты колдонот:

Байге жебей майың же

Медериңдин канын же

Жеткен байге доорун же

Жети атаңдын боорун же! (Курама варианты, "Манас", 2. 124).

Эпосто аялдын же аксакалдын К-нын таасирдүүлүгү белгиленет. Каныкейдин таңдайында мөөрү бар, тамагында сөөлү бар деп белгиленип, ал кимдир бирөөнү каргаса, К-ы дароо ишке ашат, ошондуктан анын К-нын кырк жигити эле эмес, Манас баатыр өзү да сактанган. "Семетейде" Айчүрөктүн Семетейдин орой сөзүнө, жасаган мамилесине нааразы болуп айткан К-ы бар. Анын К-ынан коркконКаныкей Айчүрөктү каргышың ката кетпеген "Эби келсеАйчүрөк Каргышыңды кайтып ал!", — деп суранат.Каныкей Айчүрөктүн оозунан чыгып кеткен К. орундаларынан коркот,Каныкей өзүнүн жашы, даражасы улуулугуна карабастан Айчүрөктүн айткан К-ын кайтарып алуусун өтүнөт. Карылардын акылман сөзү, турмуштук тажрыйбалары кыргыздарда алардын сөзүнө сак мамиле кылуусун туудурган. Карынын сөзүнө кулак салбаса, ал сыйлабаган катары эсептелинген. Ошондуктан эпосто кары адамдын К-ы жамандык жаратууга кудуреттүү катары саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4