Мажит Каримов

Википедия дан
Каримов Мажит‎»‎ барагынан багытталды)

Мажит Каримов(1937-ж.) – жазуучу.

Ленин районунун Сакалды айылында 1937-жылы туулган. Жалал-Абад балдар үйүндө тарбияланган. 1956-жылы өз айылындагы мектеп-интернатты, ал эми 1965-жылы КМУнун филология факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1956-жылы Ош облусунун Ленин районунун орто мектебинде пионердик тарбиячы болуп иштөөдөн баштаган. 1965-жылы Кыргыз ССРинин Мамтелерадио комитетине редактор, 1968–1978-жж. Таш-Көмүр шаарындагы №6 орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими, 1978-жылдан Ленин районунун ВЛКСМдын 50 жылдыгы атындагы №20 орто мектепте иштеген.

Чыгармалары 1956-жылдан тартып жарык көрө баштаган. Анын 1963-жылы биринчи жарык көргөн китеби болуп «Баарыбыз бала болгонбуз» повести эсептелинет.

1983-жылдан КСРБ Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Баарыбыз бала болгонбуз: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1973. – 119 б.
  • Ак жол сага адам!: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1976. – 112 б.
  • Ата: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 144 б.
  • Жашыл көпүрө: Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1985. – 158 б.
  • Алтын таяк: Жомоктор. – Ф.: Мектеп, 1987. – 12 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]