Карма

Википедия дан

Карма – (санскритче karma — иш) — инди дининде (индуизм, буддизм, брахманизм, жайнизм) ж-а философиясында негизги түшүнүктөрдүн бири, сансара түшүнүгүн толуктайт. Кеңири мааниде — ар кандай эле тирүү жандык жасаган кылыкжоруктардын ж-а алардын натыйжаларынын суммасы, о. эле тирүү жандын жаңыдан төрөлүү ж-а бөлөк түргө өтүү мүнөзүн аныктайт. Тар мааниде — жасаган иш-аракеттердин учурдагы ж-а андан кийинки жашоонун мүнөзүнө тийгизген таасири.

Кыргыз тилиндеги адамдын кармасы тууралуу ой толгогон чыгармалардын катарына К. Акматовдун ""Архат" чыгармасы кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия:4 -том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. ISBN 978-9967-14-104-9