Кармин

Википедия дан

Кармин, С22Н200|3 — кызыл боёк; татаал орг. кармин к-тасы. Мол. масс. 492,38; ийнеге окшош кызыл түстөгү зат. 130°С чейин ысытса карарат, 250°С ажырап кетет. Сууда жакшы эрийт. К. к-тасы кошениль куртунун ургаачысынан ысык суунун жана уксус к-тасынын жарда-мы менен бөлүнүп алынат. Кошениль заты байыртан бери эле жүндү жана жибекти боёодо колдонулуп келген. Кошениль курамында 10% К. к-тасы бар. К. к.-тасынын алюминий тузу К. деп аталат. Ал косметикада, акварельдик боёкторду алууда, о. эле кондитердик буюмдар жана микроскопиялык изилдөөлөрдө препараттарды боёодо колдонулат. Коше-ниль заты Европанын Жер ортолук деңизиндеги эмен жыгачында жашаган курт-кумурскалардан да алынат. Эмен жыгачынан алынган боёк Кермес к-тасы деп аталат. Ал. К. к-тасынан RСОСН3 группасы менен айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]