Карымшаков Санарбек

Википедия дан

Карымшаков Санарбек - адабиятчы, сынчы, котормочу, окумуштуу.

Санарбек Карымшаков Жумгал районунун Базартурук айылында 1941-жылы 20-октябрда туулган.
1962-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөндөн баштап, республикабыздын массалык-маалымат, басма, маданият жана агартуу мекемелеринде үзүрлүү эмгектенип келе жатат.
Эмгек жолун 1962-жылы Кыргыз мамтелерадиосунун музыка редакциясында редакторлуктан баштаган,
1962–1966-жж. Кыргыз ССР ИАсынын философия жана укук институтунда аспирантурада окуйт.
1967-жылдан «Кыргызстан маданияты» жумалыгында сын бөлүмүнүн башчысы,
1970-жылдан Кыргыз ССР ИАсынын философия жана укук институтунда кенже илимий кызматкер,
1975-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясындагы «Көрөгөч» сатиралык киножурналынын башкы редактору, «Кыргызстан» басмасында бөлүм башчы, Кыргыз ССРинин маданият министрлигинде башкы редактор,
1986-жылдан «Экран», «Коммунист» журналдарында жана Кыргызстан КП БКнын алдындагы партия тарыхы институтунда улук редактор болуп иштеген.
1989-жылдан КМУУнун басмасында улук редактор, кыргыз адабияты кафедрасында ага окутуучу,
1994-жылдан ошол кафедранын доценти, филология илимдеринин кандидаты (2002).
2003-жылдан баштап К.Карасаев атындагы БГУнун Кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы,
2005-жылдан ошол кафедранын профессору болуп эмгектенүүдө.

С.Карымшаковдун «Жанган от» деген ыры 1959-жылы «Кыргызстан пионери» гезитине жарыяланган.
1960-жылы «Ала-Too» журналынын №8 санына акын М.Акимкожоевдин ырлар жыйнагы тууралуу «Too жели» аттуу рецензиясы жарыяланып, ошондон бери адабият таануу жана адабий сын тармагында жигердүү иштеп келет. Ал көркөм адабият жана эстетиканын ар түрдүү проблемалары боюнча 200дөн ашык макалалардын, рецензиялардын, он эки адабий сын макалалар жыйнагынын, монографиянын, окуу куралдарынын, брошюралардын автору.
С.Карымшаков А.П.Чеховдун «Алчалуу бак», пьесасын, С.Цвейгдин «Магеллан» тарыхый романын, К.Симоновдун, Л.Кассилдин, аргентин жазуучусу Л.Юнкенин, эстон жазуучусу X.Пукктун, өзбек жазуучусу У.Умарбековдун ж.б. аңгемелерин жана көптөгөн илимий макалалар менен кинофильмдерди которгон.
1985-жылы «Кызарып баткан күн» деген пьесасы кабыл алынган.
С.Карымшаков 1973-жылдан СССР Жазуучулар союзуна, 1981-жылдан СССР Журналисттер союзуна мүчө. Жазуучулар союзунун сын секциясында, «Адабият» басмасында, «Кыргызфильм» киностудиясында, маданият министрлигинде, театр коомунда көркөм кеңештердин, сценар-дык-репертуардык коллегиялардын мүчөсү болуп иштеп келди.
Жаштарга эстетикалык тарбия берүүдөгү үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргызстан ЛКЖС БКнын грамоталары, КМУУнун Ардак грамоталары менен сыйланган. КР эл агартуу отличниги. Мустафа Кемаль («Ататүрк») эларалык маданият жана илим фондунун Алтын медалы менен Ардак Грамотасынын ээси (2005).

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Турмуш саптары: Адабий сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 87 б.

Толкундар арасында: Адабий сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 163 б.

Көркөм образдын табияты: Адабий сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 108 б.

Көркөм сөз күчү: Адабий сын макалалар. – Ф.: Мектеп, 1978. – 139 б.

Эстетика жана турмуш. – Ф.: «Билим» коому, 1980. – 18 б.

Азыркы кыргыз адабиятындагы социалдык проблемалар: Адабий сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 184 б.

В.И.Ленин жана эстетикалык теориянын айрым маселелери. – Ф.: «Билим» коому, 1983. – 16 б.

Көркөм образдын табияты. – Б.: КМУ басм., 1992. – 20 б.

Адабий сындын табияты жана милдеттери. – Б.: КМУ басм., 1992. – 32 б.

Кыргыз адабиятынын маселелери (авторлош). – Б.: КМУ басм., 1995. – 140 б.

Качкынбай Артыкбаевдин илимий-сынчылык ишмердиги: Монография. – Бишкек, 2001.-142 б.

Сын дүйнө жана көркөм нарк: Окуу куралы. – Бишкек, 2002. – 224 б.

Адабиятчылардын ак өргөөсү: Окуу куралы. – Б., 2005. – 176 б.

КОТОРМОЛОРУ

Кассиль Л. А. Сенин коргоочуларың: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1984. – 63 б.

Трубаров А. А., Федоренко А. А., Кредер А.А. Окуу китебине колдонмо. Соңку тарых. 1 бөлүк, 1914–1945. – Б.: Айбек, 1995. – 45 б.

Трубаров А. А., Федоренко А. А., Кредер А.А. Окуу китебине колдонмо. Соңку тарых. 2 бөлүк, 1945–1993. – Б.: Айбек, 1995. – 64 б.

Кредер А.А. Соңку тарых. 1914–1945-жылдар. – Б.: 1995. – 208 б.

Трубаров А. А., Федоренко А. А., Кредер А.А. Окуу китебине колдонмо. Жаңы тарых. 1-2 бөлүк, 1914–1993. – Б.: Айбек, 1995. – 20 б.

Саплина Е. В., Саплин А. И. Тарыхка саякат: Чыгармачылык тапшырмалардын дептери. – Б. Айбек, 1996. – 64 б.

Кредер А.А. Соңку тарых.