Кассандра

Wikipedia дан
Эвелин де Морган сүрөтчүнүн сүрөтү


Кассандра (байыркы грек. Κασσάνδρα) – грек мифологиясында Троянын падышасы Приамдын жана анын жубайы Гекубанын кызы. Гректердин циклдүү поэмаларында кассандра өзүнүн олуялык сөздөрүнө эч ким ишенбеген көзү ачык кыз катары сүрөттөлөт.

Кассандраны жанынан артык жакшы көрүп, аны сүйүп калган Аполлон кудай ага көзү ачыктык дарамет тартуулайт. Ал кудайдын сүйүүсүнөн баш тартканда, ыза болгон Аполлон анын сөздөрүнө эч ким ишенбес кылып салат.
Грек мифологиясында Парис Троянын падышасы Приамдын жана анын жубайы Гекубанын уулу, Кассандранын бир тууганы болгон. Гекуба Паристи төрөөр алдында коркунучтуу түш көрөт: түшүндө ал алоолонгон шам чырак төрөйт да, ал шам чырак Трояны өрттөп кетет. Көзү ачыктар, өзгөчө Эсака падыша айым төрөгөн уул Трояны талкалайт деп олуялык кылышкандыктан, Приам жаңы төрөлгөн наристени Ида тоосуна алып барып, карга-кузгунга жем кылып таштоого буйрук берет. Бирок бала аман калып, койчуман тарабынан тарбияланып өсүп, бакма атасынан Парис деген ысым алат.
Паристи өз уулу экенин тааныган Приам менен Гекуба аны өлтүрүүгө камынган Кассандрага тоскоолдук кылышат. Ошондо Кассандра Паристен Еленага үйлөнбөөсүн өтүнөт. Бирок, анын сөздөрүнө ишенбеген Парис Менелайдын үйүнө конок катары барып, анын аялын ала качат жана кымбат буюмдарын уурдап кетет.
Натыйжада Спарта менен Троянын ортосунда узакка созулган согуш чыгып, Спартага сулуу атка конбой калган Гера менен Афина, ал эми Трояга Афродита колдоочулук кылышат. Трояны курчап алып, анын дарбазасын ача албаганда, спарталык жоокерлер айлакер Одиссейдин сунушу боюнча чоң жыгач ат жасашат да, анын ичине көп сандаган жоокерлерди калтырып, өздөрү чегинген түр көрсөтүп, алыстап кетишет. Бир нече күн бою кыймылсыз турган көздүн жоосун алган кооз жыгач атты троялыктар чепке киргизип алаарда Кассандра аскер башчы Синондун сөзүнө ишенбөөнү жана ичине коркунуч катылган жыгач атты ичкери киргизбөөнү өтүнөт. Бирок анын сөзүнө эч ким ишенбейт да, ат ичкери киргизилет.
Түн ичинде троялыктар таттуу уйкуда жатканда жыгач аттын ичиндеги жоокерлер сыртка чыгып, Трояны тып-тыйпыл кылып талкалашат. Троя талкаланаар түнү Кассандра Афинанын ибадатканасынан жай табууга далбастайт, бирок Оилейдин уулу Аякс тарабынан туткунга түшөт. Туткун катары Кассандра Агамемнондун олжосуна айланат да, аны менен бирдикте Агамемнондун кызганчаак аялы Клитеместра тарабынан өлтүрүлгөн.
Келечектеги коркунучтуу окуяларды алдын ала айткан Кассандранын трагедиялуу образы Эсхилдин (525–456) «Агамемнон» жана Еврипиддин (480–406) «Троянкалар» аталган чыгармаларында чагылдырылган.
Салыштырмалуу кийин пайда болгон 3-кылымдагы Ликофрон аттуу акындын «Александра» (“Касандра”) деп аталган поэмасында Приам акылдан айныган кызы Кассандраны бекитип салууга жана анын олуялыгын жазып туруу үчүн сакчы дайындоого буйрук берген.
Миф антикалык мезгилдеги көркөм искусстводо (Помпейдеги жана Геркуланумадагы фрескалар, рельефтер, чегилген таштар ж. б.) кеңири чагылдырылган.
Ваза беттериндеги сүрөттөрдө Троя талкаланаар түнү Кассандра Афинынын ибадатканасынан жай табууга далбастап, бирок Аякс тарабынан туткунга түшкөн учуру арбын кездешет.
20-кылымдын башында Г. Эйленбергдин, Леся Украинканын жана П. Эрнсттин Кассандра деп аталган атактуу кайгылары жаралган. Эсхилдин «Агамемнон» аттуу кайгысындагы Кассандранын өлүм алдындагы сценасынын котормолору жана аны кайра өзгөртүп түзүүлөр көп кездешет.
Мисалы: 19-кылымдагы орус адабиятында А. Ф. Мерзляковдун «Кассандра Агамемнондун арбасында», А. Н. Майковдун «Кассандра» аттуу чыгармалары.
Поэзияда Кассандранын трагедиялуу образын Ф. Шиллер «Кассандра балладасы, В. К. Кюхельбекер «Кассандра поэмасы» түзгөн.
Кыргыздын белгилүү жазуучусу Ч. Айтматов өзүнүн «Кассандра балладасынын эн тамгасы» аттуу футурологиялык, философиялык чыгармасында учурдагы глобалдуу көйгөйлөр туура багытта тез чечилбесе, анда алар келечекте катастрофага алып келээрин алдын ала эскерткен.




Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8