Кашка-Суу (Аламүдүн району)

Кашка-Суу, Аламүдүн району‎»‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Кашка-Суу
Район Кыргызстан
Координаттар 42°41′55″ с. ш. 74°31′53″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 1 280 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Кашка-Суу (Аламүдүн району) (Кыргызстан)

Кашка-Суу (кырг. Кашка-Суу) — Кыргыз Республикасынын Чүй облусун Аламүдүн районундагы айыл. Байтик айыл округу составына кирет. Кашка-Суу кыштагыКыргызстандын Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы тоолуу кыштак. Кашка-Суу суусунун боюнда жайгашкан. Бишкектен түштүккө карай 25 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айыл чарбасы, малчылык, багбанчылык өнүккөн. Болжол менен 7 миң түтүн жашайт.Айылдын сегиз жылдык мектеби 1990-жылдардан бери кыргыздын чыгаан агартуучусу Тойчу Актановдун ысымын алып жүрөт. Бул айылдан агартуучу Тойчу Актанов, коомдук ишмер Бейшенбай Мураталиев, илимпоз географ Касымалы Жумашев, сүрөтчү А. Дайыров, генерал Алмаз Камчыбеков, боксчу Шайбек Карагазиев, жана башкалар чыккан. Бул айыл Совет доорунда Аламүдүн советтик чарбасына караган учур да болгон. Айылды өрдөй дачалар курулган. Айылдын жогору жагында Кашка-Суу суу сактагычы курулган. Андан жогорураак “Ала-Арча” жаратылыш паркы жайгашкан.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы - 1 280 киши.[1]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Пайдаланылган адабияттар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]