Кварц сааты
Wikipedia дан
Кварц сааты – сааттын жүрүшү кварц генераторунун термелүүсү менен аныкталып, убакытты так эсептөөчү курал.
Убакытты эсептөөнүн тактыгы кварц генераторунун термелүү жыштыгынын туруктуулугуна жана анын сапаттуулугуна көзкаранды. Кварц сааттарда генератордон башка термелүү жыштыгын өзгөрткүч, синхрондуу кыймылдаткыч жана так убакыттын сигналын берүүчү тиймектүү түзүлүштөр бар. Кичине өлчөмдөгү батарея менен иштейт, циферблаттын милдетин суюк кристалл аткарат. Кол кварц саатынын кээ бир моделинде секундомери, ойготкучу жана календары бар. Кварц саатынын жардамы менен убакыттын интервалын 10 – 10 тактыкка чейин өлчөөгө болот.
[оңдоо] Кошумча макалалар
[оңдоо] Колдонулган адабияттар
Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов