Кемакылдык

Википедия дан

Кемакылдык – акыл-эстин терең кеткен, оңолбой турган кемчилиги; акыл-эстин начардыгынан, мурда алган билимин жоготкондугунан жана/же жаңы билимге ээ болууга жарамсыздыгынан, бүтүндөй писхиканын жардылыгынан көрүнөт. К-тын 3 баскычы ажыратылат: акыл-эстин бузулушунун жеңил баскычы (маныроолук), орто баскычы (макоолук) жана акыл-эс ишмердигинин терең, оор даражадагы жабыркоосу (келесоолук). Ошондой эле К. а-тын тубаса (олигофрения) жана ар кыл оорулардан (мээнин кан тамырларынын ичкерүүсү, талма) улам мээнин өзгөрүүсүнөн улам пайда болгон (деменция) түрлөрү да айырмаланат. К. а. оордук даражасына жараша ар кандай укуктук натыйжаларга алып келет. Акылынан айныгандар кылмыш-жаза-укуктук жактан алганда, толук бойдон акыл-эси жайында эмес, жарандык укук жагынан алганда, аракетке толук жарамсыз.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]