Кинематограф

Wikipedia дан

Кинематóграф (грек. κινεμα, илик жөндөмө κινεματος — кыймыл жана грек. γραφο — жазуу, сүрөттөө) – азыркы замандагы искусствосунун бир түрү, XIX кылымда ойлоп чыгарылган, XX кылымда чоң популярдуулукка жетишкен искусствонун тармагы. Кинематограф термини кеңири түшүнүктү - кыймылдуу сүрөттөлүштөрдөн турган заманбап көркөм искусствонун чыгармаларын жана экономиканын бир тармагы болуп, фильм жараткан, ага кошумча атайын эффекттерди, мультипликацияны өндүргөн жана көрүүчүлөргө тартуулаган киноиндустрия тармагын ичине камтыйт. Киноискусство продукттары кинотехниканын жардамы менен даярдалат. Кинематографты кино таануу илими изилдейт. Кинофильмдер көркөм жана документалдуу болуп бири - биринен айырмаланышат. Кинематограф бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөрдүн маданиятында басымдуу орунду ээлеп келет. Ошол сыяктуу эле, көптөгөн мамлекеттерде кинондустрия экономиканын негизги тармактарынан болуп эсептелет. Кинофильмдерди тартуу киностудияларда жүргүзүлөт. Фильмдер кинотеатрларда, телевидениеде, видеокассета жана видеодиск аркылуу жайылат, ошондой эле жогорку ылдамдыктагы интернеттин пайда болуусу менен көрүүчүлөр атайын интернет сайттардан фильмдерди видеофайл формасында жүктөп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Эске салчу жагдай, интернет аркылуу жүктөө жолу фильмдердин автордук укугунун бузулушуна алып келүүсү мүмкүн.

Кинематографтын тарыхы[оңдоо]

Кинематографтын жаралышы[оңдоо]

Кинематограф тынымсыз кыймылдуу обьекттердин сүрөттөлүшүн материалдык алып жүрүүчүгө жайгаштыруу жана ал кыймылдуу сүрөттөлүштү экранга чагылдыруу боюнча жасалган аракеттердин негизинде келип чыккан.Бул үчүн дароо бир нече техникалык аспаптарды ойлоп табуу керектелген. Алар: ийилчээк жарык сезгич тасма, хронофотографиялык сьемка жүргүзүүчү аспап, бат алмашып турган сүрөттөлүштөр үчүн проектор. Алгачкы ийилчээк жарык сезгич күйүүгө жөндөмсүз тасма орус фотографы И. В. Болдырев тарабынан 1878-1881-жж, андан соң күйүүгө жөндөмдүү, целлулоид тасмасы америкалык ойлоп табуучулар Г. Гудвин (1887-ж) жана Ж. Истмен (1889-ж) тарабынан ойлоп табылган. Ал эми алгачкы хронофотографиялык аспаптар XIX кылымдын 80-жж ойлонуп табылган. Аларга: "Фотокурал" (француз физиги Э. Марей тарабынан 1882-ж), француз ойлоп табуучусу О. ле Бертстин аспабы (1888), британ окумуштуулары У. Фризе-Грин жана М. Эванстын аспабы (1889), орус фотографы А. Дюбюктун аспабы (1891), француз физиологу Ж. Деменинин "Фоноскоп" (1892) кирет. Бат алмашкан сүрөттөлүштөрдү экранга проекциялоочу аспаптардын алгачкысы - "Тахископту" орус жана немец фотографтары А. Дюбюк жана О. Анщюц 1891 жана 1892- жылдары бири-биринен айырмаланган конструкциялары менен түзүп чыгышкан. Француз окумуштуусу Э. Рейно да "Оптикалык театр" проекторун ошол эле жылы конструкциялаган.

Ага-ини Люмьерлер (Огюст солдо, Луи оңдо) Кинематографка салыштырмалуу жакын болгон аспаптар: «Кинетоскоп» Эдисон, И. А. Тимченконун аспабы (1893), Ж. Демендин «Хронофотографы» (1893), америка окумуштуусу Ж. А. Ле Ройдун проектору (1894), проектор «паноптиком» америка окумуштуусу У. Латам (1895), «плеограф» поляк К. Прушинский (1894)ж.б Ал эми 1895-96-жж кинематографтын бардык элементтерин камтыган аспаптар конструкцияланган: Францияда ага-ини Люмерлер "Синематограф" (1895) жана Ж.Демень "хронофотограф" (1895), Германияда М. Складановский "Биоскоп", О. Местердин кинопроектору (1896), Англияда Р. У. Пол "Аниматограф" (1896), Россияда А. Самарский - "Хронофотограф" (1896), И. Акимов - "Стробограф" (1896), АКШда Т. Армат - "Витаскоп" ж.б Кинематографтын жайылуусуна кыска метраждуу фильмдердин тартылып жана жалпы коомчулукка көрсөтүлө башташы негиз койду. 1895-жылдын 1-ноябрында Берлинде М. Складановский өзүнүн "Биоскобу", ал эми ошол эле жылдын 28-декабрында ага-ини Люмерлер тарабынан "Синематограф" аспабы менен алгачкы фильм көрсөтүүсү уюштурулган.1896-1897-жж аралыгында ачык фильм көрсөтүүлөр бардык дүйнө шаарларында ишке ашырылган. Ал эми Орусия империясында алгачкы киносьемка фотохудожник А. Федецкий тарабынан Харьков шаарында уюштурулган. Алгачкы орус документалдуу тасмасы болсо "Поезддин Харьков вокзалынан платформасындагы башкармалыгы менен узактоосу" болгон. (1896


Үнсүз фильмдер[оңдоо]

Негизги макала: Үнсүз фильмдер

Алгачкы кыска метраждуу фильмдер (болжолдуу 1,5 мүнөт) көпчүлүк учурда комедиялык жанрга ыктаган. Ага-ини Люмерлердин комедиялык "Суу болгон сугатчы" тасмасынан соң оюн киносунун жаралуу , чагылдыруу тенденциялары башталган. Алгачкы фильмдердин кыска болуусу киноаппаратуранын техникалык жактан жетишсиздигинен улам болгондугуна карабастан, 1900 - жж кинокартиналардын узундугу 200 - 300 метрге жете баштаган (15-20 мүнөттүк демонстрация). Кийинчерээк тартуучу жана проекциялоочу техниканын өнүгүшү фильмдердин узундуктарынын өсүшүнө, көркөм сьемка ыкмаларынын сан жана сапат жагынан байышына, актердук ролдордун жана режиссуранын өнүгүшүнө алып келди. Ал эми кинематографтын жайылышы жана популярдуулукка жетишүүсү ага экономикалык жактан пайда алып келүү менен бирге, анын көркөм баалуулугуна да таасирин тийгизди. Фильмдердин сюжетинин кеңири масштабга жетишүүсү жана татаалдашуусунун негизинде кинематограф жанрлары калыптана баштайт, ар бир жанр үчүн атайын көркөм чагылдыруу ыкмаларынын тобу түзүлөт. "Үнсүз" фильмдердин өнүгүү деңгээлинин туу чокусу болуп анын өзүнө таандык көркөм чагылдыруу каражаттары бар өз алдынча искусствонун түрү катары калыптанган XX кылымдын 20 - жылдары эсептелет.

Үндүн пайда болуусу[оңдоо]

XX кылымга чейин эле Томас Эдисон «кинетоскопту» фонограф менен айкалыштыруу аракеттерин жасаган, бирок ийгиликке жетише алган эмес. Бирок, кийинчерээк, Эдисондун соавтору Уильям Диксон өзүнүн 1889-жылы эле үн жана сүрөттөлүштү бир убакта ойното алган аспап( кинетофонограф ) ойлоп тапканын айтканы менен далили болгон эмес.

Кинематографтын алгачкы учурларында эле көптөгөн өлкөлөрдө үндүн кошотоосундагы кино жаратууга аракеттер болгон, бирок эки негизги көйгөй : үн менен сүрөттөлүштү айкалыштыруунун татаалдыгы жана үндүн жетишээрлик эмес деңгээлде бийик болуусу бул ишти аягына чыгарууга тоскоол болуп турган. Биринчи көйгөйдү үн жана сүрөттөлүштү бир эле алып жүрүүчүгө жаздыруу менен чечилген, бирок экинчисин чечүү үчүн жаңы аспаптөмөнкү жыштыктагы усилитель ойлоп табуу керек болгон жана ал 1912 - жылы гана ойлоп табылган. Бул аспапка патент 1919 - гана патент берилгени менен, кинокомпаниялар фильмдерге үн кошуу жолун кино тартууга кеткен чыгымдардын өсүп кетүүсүнөн, прокаттын кымбаттоосунан жана чет тилдеги кардарларды жоготуп алуудан кооптонушуп анчейин маани беришкен эмес. Буга карабастан [17-сентябрь]] [[1922-жылы] Берлинде дүйнөдө биринчи жолу үндүн коштоосундагы фильмдин бет ачары болгон. [1]

1925-жылы банкротчулук алдында турган Warner Brothers компаниясы опурталдуу ишке - үн коштоосундагы проектке бел байлайт. 1926-жылы Warner Brothers музыкалык номерлерден турган бир нече үндүн коштоосундагы фильмдерди чыгарат, бирок анчейин ийгиликтүү боло алган эмес. Алар ийгиликке «Джаз ырчысы» фильми менен гана жетише алышты. Фильмде Эл Джолсондун аткаруусундагы бир нече музыкалык номерлер жана анын кыскача репликалары чагылдырылган. жаз ырчысы» фильминин бет ачаар күнү болгон 6-октябрь [[1927-жыл] үндүн коштоосундагы фильмдин жаралган күнү болуп эсептелет.


Дудуктун кинонун атактуу фильмдер

Дудуктун кинонун атактуу кишилер



Техникалык прогресси



Киноискусствонун жанрлары



Кинофестивалдар



Кыргыз киносу
Cite error: <ref> tags exist, but no <references/> tag was found