Кислоттук жаан

Wikipedia дан
Кислоттук жаандан жабыркаган айкел

Бул кубулуштун пайда болушу ар түрдүү күйүүчү отундарды пайдаланууда ар түрдүү газдардын өйдө көтөрүлүштөрүнө байланыштуу. Атмосферада жамгыр өзүнүн жаратылышында начар кислоттуулугу менен мүнөздөлөт (5,6 Ph жакын). Себеби, абада көмүр кислотасы эрийт. Металлургиялык заводдордон жана башка өнөр жайлардан атмосферага көп сандаган күкүрт газы бөлүп чыгарылат, ал эми нымдуу абага кошулуп иондук күкүрттүн кычкыл тузуна (сулңфаттарга) SO3 2 - айланышат, анан ал күкүрт кислотасына айланат. Бул кислота абада каныгат да суунун буусуна, жаанды пайда кылуучу булуттарга кошулуп кислоталык жаан жерге түшөт.

Кислоттук жаандан кийинки токой

Дагы бир зат - азоттун кычкылы NO, кислоттук жаанды пайда кылуучулардан болуп эсептелет. Азоттун кычкылынын пайда болуулары, жылуулукту пайда кылуучу электростанцияларга жана ичинен күймө кыймылдаткычтарга байланыштуу. Абадагы кычкылтек менен кычкылданып, суу менен байланышууда, азоттун оксидасы NO, азоттун кислотасына -HNO3 айланып кетет.
Азыркы кездеги малыматтарга караганда, кислоттук жаандын көбүрөөк жааган жерлери байкалган: Португалиянын, Ирландиянын үстүндө, анын кислоттук өлчөмү ph=4,9 жеткен. Деңиз океандар менен курчалган Европалык өлкөлөрдө ph=4,1. Ал эми кээ бир өнөр жайлуу өлкөлөрдө ph=3,0 жакындап барат. Германияда 1970-ж. кислоттук жаан чачындан бир топ токойлордун аянттары ысырапка учураган. Континенталдык Европада кислоттук жаандан дарактар бүлүнгөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4