Клавиатура

Википедия дан

Клавиатура (лат. davis — ачкыч) — 1) музыкалык аспаптарда өзгөчө жасалган рычагдардын комплекти бар клавишалардын бир катарда жайгашуусу. музыкалык аспаптын клавиатурасын басуу менен белгилүү бийиктиктеги үн алынат. Органда бир эле убакта ар кайсы тембрде ойноо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо жана так динамикалык контрасттарга жетишүү үчүн террасса сыяктуу биринин үстүнө бири жайгашкан 2—3, чоң органдарда 7 клавиатура (мануалдар) колдонулат. Органда бут үчүн клавиатура — педаль бар. Баян, гармондор үчүн топчу жана кадимки фортепьяно түрүндөгү өзгөчө клавиатура ойлоп табылган; 2) кээ бир механизмдердеги (компьютер, эсептөө машиналары) клавишалар жыйындысы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]