Класс

Википедия дан

Жик, класс (лат. classis — топ)

  1. Жалпы билим берүүчү орто мектеп окуучуларынын курактык өзгөчөлүгүнө, билими деңгээлинин бирдейлигине жараша тобу (мисалы: 1-класс; 5-класс; 10-класстын ж. б. окуучулары). Эреже катары бир класс-комплекти 25 окуучудан турушу зарыл. Объективдүү шарттардан улам мектептерде класстагы окуучулардын саны өзгөрө бериши мүмкүн.
  2. Мектептеги окуучулар окуй турган санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берген, атайын эмеректер менен жабдылган окуу бөлмөсү же класстык бөлмө.
  3. Класс (биологияда).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004