Класс (тасма)

Википедия дан
Класс.

"Класс" (англ. The Class) — 2008-жылы Лоурент Контет тарткан франциялык драма. Анын баштапкы французча аталышы "Entre les murs", сөзмө-сөз "Дубалдардын ортосунда" же "Дубалдардын ичинде" деп которулат. Ал 2006-жылы Франсуа Бигедунун ошол эле аталыштагы романына негизделип тартылган. Тасма 20-жылдары Париж шаарындагы орто мектепте француз тили жана адабиятынан сабак берген Бигедунун башынан өткөн бир нече автобиографиялык окуяларды камтыйт. Окуяда Бигедунун өзгөчө "көйгөйлүү балдар"Эсмералда (Эсмералда Уртени), Кумба (Рейчл Регулир), Сулейман (Френк Кейта) менен болгон күрөшүн баяндалат. Тасмада мугалимдин ролун Бигеду өзү аткарат.

Тасма "Канн Кинофестивалында" "Palme d'Or" сыйлыгына ээ болгон. Бул сыйлыкты 1987-жылы Моурис Пилат "Шайтан күнүн алдында" тасмасы үчүн уткандан бери экинчи жолу жеңген француз тасмасы болуп саналат. "Класс" Оскар сыйлыгынын "Чет тилдеги эң мыкты тасма" наамына көрсөтүлүп, бирок "Кетүү" тасмасына жеңишти алдырып жиберген.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]