Коагуляция

Википедия дан

Коагуляция (лат. сoagulatio – уюуу, коюулануу) – мол-лар тартылуу күчтөрүнүн таасири менен майда бөлүкчөлөр биригип, чоңураак бөлүкчөлөрдү пайда кылуусунун натыйжасында коллоиддик эритмелер фазаларга ажырап, чөкмөлөр же килкилдектер пайда кылуу процесси. Коалесценция-коаг. окшош, бирок жеңил дисперстик фаза идиштин үстүнө калкып чыгат (сүт каймактанышы). К. кубулушу өзүнөн-өзү абдан жай жүрөт. Аларды тездетүүнүн эң негизги ыкмалары – коллоиддик эритмелерге ар түрдүү сандагы электролиттер кошуу. Электролит кошкондо коллоиддик бөлүкчөлөр алгачкы заряддары азаят же нейтралдашат да, К. процесси тездейт. Кээ бир коллоиддик эритмелер темп-ранын жогорулашынан К. Мис., жумуртка агынын уюшу, сүт эжигейге айланышы жана башка Коагуляция жаратылыштагы процесстерде кенен таралган: мис., геологияда минералдын пайда болушу, атмосферада аэрозолдун таркашы, ө. ж-да – суспензия, эмульсиялар пайда болуусу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]