Кобальт гидроксиддери

Википедия дан

Кобальт гидроксиддери, Со(ОН)2— көк, же кызыл, же кызгылт көк түстөгү кристаллдык зат. 150°С жогорку темп-рада ажырайт. Эки валенттүү кобальт тузуна муздак жерде жана абанын катышуусуз КОН кошуудан, адегенде көк акырындык менен (ал эми ысытканда тез эле) көк жашыл, андан кийин кызыл түскө өтүүчү Со(ОН)2 пайда болот. Сууда жана орг. эриткичтерде эрибейт. Күчтүү негиз, анын туздары өтө көп, туруктуу жана күчтүү электролиттер болуп саналат. Эгерде Со(ОН)2 суспензиясы аркылуу абаны жиберсе ал окистенип Со2О3 пайда кылат. Бул процесс натрий гипохлорити, бром жана суутект пероксиди сыяктуу күчтүү окистендиргичтер таасири астында жеңил жүрөт. Со(ОН)3 — каралжын күрөң түсгөгү аморфтук зат. 100°С бир аз суусун жоготот; 300°С ажырайт; сууда, орг. эриткичтерде эрибейт, нымды жакшы тартат. NаСIO менен кобальт туздарынын эритмесинин же хлор менен Со(ОН)2 суспензиясынын аракеттенүүсүнөн алынат. Со(III) туздарын жана Со3О4 алуудагы аралык зат болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]