Ковский Евгений Николаевич

Википедия дан

Ковский Евгений Николаевич (1899–1977) - жазуучу, мурунку Каменец Подольская губерниясындагы Ольгополе шаарында 1899-жылы туулган.

Е.Ковский 1919-жылы өз каалоосу менен Кызыл Аскердин катарына өтүп, Румфронттун 3-армиясында, Ново-Украинанын алдында катуу жарадар болгон.

1920-жылдан Одессадагы политехникалык институтуна кирип, ар түрдүү себептер менен окуусун таштап, буудай жыйган пунктка башчы, тегирменге контролер болуп иштеп, 1923-жылы кайра Одессадагы ар кайсы мекемелерде иштейт.

Е.Ковскийдин «Кисмет», «Жабылган тегерек» ж.б. аңгемелери альманахтарга, гезиттерге жарыяланат. Е.Ковский «Орловская правда» гезитинде, борбордук гезиттерде иштеген.

1941-жылы «Медицинский работник» журналынын кабарчысы болуп Кыргызстанга келип, «Советская Киргизия», «Комсомолец Киргизии», «Советтик Кыргызстан» гезиттерине, журналдарга аңгемелерин жарыялайт.

1960-жылы ар түрдүү жылдарда жазылган аңгемелер жыйнагы басмадан чыгат. Е.Ковский көркөм аңгемелер менен бирге очерк, сын макалаларды да жазып, К.Баялиновдун «Боордоштор» романын орус тилине которгон.

1947-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө.

«1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Сад мира: Повесть. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1955. – 167 с.
  • Светлые дали: Рассказы. – Ф.: Киргизгосиздат, 1961. – 183 с.
  • Они рядом с Вами: Очерки. – Ф.: Киргизгосиздат, 1962. – 155 с.
  • У истока дорог: Повесть и рассказы. – Ф.: Мектеп, 1964. – 174 с.
  • У истока дорог: Повесть и рассказы. – Ф.: Мектеп, 1965. – 220 с.
  • Брат на брата: Роман. кн. 1. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 247 с.
  • Брат на брата: Роман. кн.2 – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 488 с.
  • Брат на брата: Роман. кн. 3. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 180 с.
  • Страницы жизни: Воспоминания, рассказы, очерки, драматургия. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 256 с.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Баялинов К. Братство: Трилогия. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 298 с.
  • Сасыкбаев С. Люди труда: Роман, документальные повести. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 124 с.