Коген, Герман

Википедия дан
Герман Коген.

Герман Коген (1842—1918) — немис философу, неокантианчылыктын марбургтук мектебинин өкүлү. Ал төмөнкү чыгармаларды жазган: «Канттын тажрыйба теориясы» (1871), «Канттын этиканы негиздеши» (1877), «Иммануил Кант» (1904), «Таза тааным логикасы» (1902), «Таза эрк этикасы» (1904) ж.б.

Философиянын маселелери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коген баарынан мурда философияга эмнелер кирет деген маселени коёт да, философиянын негизги бөлүгү логика деп эсептейт, ал нукура аң-сезимдин логикасы жана ал философиянын системасын негиздөөгө багытталган. Ошондуктан философия өзүнүн илимий усулуна — логикага ээ, өзүнүн мазмуну боюнча ал илимдин философиясы.

Коген таанымдын предмети бизге бизди курчап турган дүйнөнүн нерселери катарында берилген эмес деп эсептейт, ал бизге түшүнүк түрүндө гана берилген. Тааным процесси дайыма кеңири жайылып отурат, ал даяр бирнеме эмес, недир бир буюм да эмес, ал таанымдын милдети катарында чыгат. Таанымдын предмети — бул предмет жөнүндөгү түшүнүк.

Коген үчүн тааным процесси чексиз процесс болуп саналат, ал эми таанымдын чексиз процессинин идеалы катарында математикалык тааным чыгат. Бул математикалык таанымдын борбордук түшүнүгү — чексиз аздык (бесконечно малого) жөнүндөгү түшүнүк. Бул Когенге өзүнүн реалдуулукту түшүнүүсүн негиздөө үчүн кызмат кылат. Предмет сан аркылуу гана өзүнүн реалдуу жашоосуна ээ болот, сан дегенибиз үстүнө предмет тургузула турган пайдубал жана ал чексиз аздык (бесконечно малого) түрүндө гана өз маанисин ала алат.

Пифагоризм[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мындан Когендин өзүнчө бир пифагоризми ачылып көрүнөт, бирок бул байыркылардагыдай онтологиялык мүнөзгө эмес, метологиялык мүнөзгө көбүрөөк ээ. Сан Коген үчүн сандардын өзүнчө турган катарынын мүчөсү, ал белгилүү бир мыйзамченемдүүлүктүн көрүнүшү болуп саналат. Мына ошентип, сан дегенибиз — бул нерсе (вещь) эмес, мамиле катарында көрүнө турган функция. Ал эми илимдердин: механика, теориялык физика, химиянын бардык түшүнүктөрү мамилелер болуп саналат. Когендин функционализми аны анын өзү үчүн биздин билимдерибиздин салыштырмалуулугун билдире турган белгилүү бир релятивизмге алып келет. Тааным прогресси — акыйкатты издөө, аны биз биле албайбыз: акыйкат дегенибиз ошол акыйкатты издөөнүн эле дал өзү, андан башка эч нерсе эмес.

Этика тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Когендин пикиринче, этика экинчи философиялык илим катарында чыгат. «Нукура эрк этикасы» укук жана мамлекет түшүнүктөрүнүн призмасы аркылуу каралат, Коген мамлекетке биринчи даражадагы маани берген. Мамлекет ал үчүн — маданияттын этикалык түшүнүгү, тарыхый өнүгүүнүн максаты. «Адамдын табийгый абалы» — чачкындуулук, ал эми этикалык адам биримдикке умтулат, бул биримдикке мамлекетте гана жетишүүгө болот. Адептүү адам жана мамлекет — бир эле тенденциянын көрүнүшү.

Социализм идеясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мына ушундан келип, Коген социализм идеясына өтөт, бирок муну ал этикалык социализм катарында түшүнөт, бул эч качан ишке ашпай турган социализм жөнүндөгү түшүнүк. Ошентип, Коген социализм жөнүндөгү түшүнүктү коом идеясы катарында көтөрүп чыгат, бул коомго карай кыймыл тынымсыз жүрүп турат жана бул кыймыл чексиз, анткени биз жетүүгө умтулган коом тынымсыз түрдө андан ары бизге жеткирбей жылып кете берет. Коген үчүн социалдык өнүгүүнүн максаты — нерсе эмес, өнүгүү усулу. Түбөлүктүүлүк — тыныгууну билбестен чексиз алга умтула берүүчү нукура эрк үчүн мүнөздүү белги. Түбөлүктүүлүк, түбөлүктүү милдет — коомдун социализмге карай тынымсыз умтулуусу жана кыймылы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]