Кожобеков, Мурат

Википедия дан

Кожобеков, Мурат - кыргыз тарыхчысы. Тарых илимдеринин кандидаты. Орто кылымдардагы кыргыз тарыхы боюнча негизги адистердин бири.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Муратбек Кожобеков 1958-жылы 14-октябрда Кыргызстандын Чүй өрөөнүндөгү Кум-Арык айылында туулган.

Атасы - Чалаке Кожобеков. Атасы - заманбап кыргыз тарыхчысы Жаныбек Жакыпбековдун бир тууган агасы болот.

Жакыпбек менен Чалаке - накай уруусунан чыккан Кожобектин балдары.

Мурат Кожобеков 1976-жылы Кум-Арык айылындагы орто мектепти аяктаган. Ошол эле жылы Бишкектеги Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетине тапшырган. Советтик аскерлердин катарында Сахалинде кызмат өтөгөн. Аскерден келип, окуусун уланткан.

Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган.

Кандидаттык диссертациясын белгилүү чыгыш таануучу, кыргыз таануучу, профессор Өмүркул Караевдин жетекчилиги астында жазган.

Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын мүчөсү болгон.

Кыргызстан Улуттук Илимдер академиясында, Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинде иштеген.

Учурда "Манас" атындагы Кыргыз-Түрк университетинде иштейт.

Жубайы - Гүлзат.

Илимий жана коомдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1989-жылы июнда Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын (1995-жылдан бери - Кыргызстан Тарыхчылар Коомунун) мүчөсү болуп калды.

1990-жылдары кыргыздардын орто кылымдардагы тарыхына байланыштуу ар кыл илимий эмгектерин, макалаларын жарыялады, дарстар окуду, тарыхый жүрүмдү пост-советтик доордо калыс чагылдыруу жараянына салым кошту.

Кыргызстандын тарыхын жаңыча иликтөө боюнча бир катар макалалары жана маектери “Азаттык” үналгысы аркылуу обого чыкты.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кожобеков М.Ч. Орто кылымдардагы кыргыздардын этносаясий тарыхынын негизги өнүгүү баскычтары (V—X кк.): Тарых илим. канд. ... дисс. авторефераты. — Бишкек, 1997. — 23 б.
  • Караев О.К., Кожобеков М.Ч. О переселении енисейских киргизов на Тянь-Шань // Вопросы этнической истории киргизского народа / Отв. ред. О.К.Караев, И.Б.Молдобаев. — Фрунзе: Илим, 1989. — С. 41—66.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]