Кокон көтөрүлүштөрү

Википедия дан

Кокон көтөрүлүштөрү — 19-кылымдын 2-жарымында кыргыздардын Кокон хандыгына каршы күрөшү. Россиянын вассалына айланган (1868) Кокон хандыгы карамагындагы элден (Фергана өрөөнү, Памир-Алай аймагы) алык-салык алууну көбөйткөндүктөн, элдик көтөрүлүш башталган.

Кокон хандыгы. 1860 жыл.

Көтөрүлүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алгач 1871-ж. эрте жазда Сох өрөөнүндө жашаган кыргыздар Кудаяр ханга каршы көтөрүлүшкө чыгышкан. Атабек башында турган 2 миң сарбаз көтөрүлүшчүлөрдү чегинтип, 12 кыргызды колго түшүрүп, дарга асышкан. Эзүүнүн күчөшүнөн улам Кокон хандыгынын кол алдында жашаган калк айласыз орустарга караган башка уезддерге көчө башташкан (мисалы, 1873-ж. Олуя-Ата уездине 800дөн ашык түтүн көчкөн), бирок орус бийлиги аларды кайра кайрып бергенетикалык Кокон көтөрүлүштөрүнүн биринчи этабы (1873-74) Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы чыкса, орус аскеринин ага жардам беришине байланыштуу экинчи этабында (1875-76) ал хандык менен кошо орус бийлигине каршы багытталган. Көтөрүлүшкө кыргыздардан башка өзбек, тажик, казак жана башкалар элдер да катышкан. Кыргыздардын ичкилик уруусунан чыккан Искак Асан уулу Кокон көтөрүлүштөрүнүн белгилүү жетекчилеринин бири болгон [кыскасы Искактын көтөрүлүшү (1873–75)]. Анжияндык кыргыздарды Мамыр Мерген уулу, чаткалдыктарды Момун Шамырзак уулу жетектегенетикалык Көтөрүлүштүн кысымынан адегенде Кудаяр хан, андан кийин такка отурган Насирдин качып барып, Түркстан генерал-губернаторлугунун кол алдына баш калкалоого аргасыз болгон. Көтөрүлүшчүлөр Коконду ээлеп алгандан кийин Кокон хандарынын өтүнүчүн канааттандырган падыша өкмөтү анын аймагына орус аскерин киргизүүгө уруксат берген. Ага карабастан, көтөрүлүш улана берген. 1875-ж. декабрдын аяк ченинде мыкты куралданган орус аскерлери Наманган шаарын, 1876-ж. январь айында Анжиян, Асаке, Үч-Коргон шаарын көтөрүлүшчүлөрдөн бошоткон. Ага туруштук бере албаган кыргыздар 1876-ж. Алай тоолоруна чегинген 1876-ж. 8-февралда генералдар Г. А. Скобелев жана М. Д. Колпаковский Коконго кирген. 19-февралда Кокон хандыгынын Россия империясынын курамына киргени тууралуу расмий буйрук жарыяланган. Скобелев жана Витгейнштейн жүргүзгөн Алай экспедициясынын жыйынтыгында Абдылдабек жетектеген акыркы көтөрүлүшчүлөр 1876-ж. жай айларында Афганстанга өтүп, натыйжада Кокон көтөрүлүштөрү күчүн жоготкон (к. Кыргызстандын Россияга каратылышы).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]