Колдонуучунун баарлашуулары:Айтолкун Даниярова

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

ТРУДОВОЙ КАЛАЙ КЕНИ Ысык-Көл облусунун Аксуу районунда,Сарыжаз,Энилчек-Кайынды сууларынын аралыгында,Энилчек тоосунун туштук-батышында,дениз денгээлинде 2900-4100 м бийиктикте жайгашкан.1962-ж.ачылган.1963-1988-ж.чалгынданып,запасы бекитилген.Кен аймагы жогорк силур–төмөнкү девон мезгилинин жанартоо терриген-карбонат катмарларынан жана аларды палеозойдун аягында жиреп чыккан граниттерден түзүлгөн. Калай рудасы граниттерде жайгашып, касситерит, шеелит жана вольфрамит минералдары бар кварц, кварц-турмалин, турмалин тарамдарынан турат. Рудалык заттардын узундугу 48–768 м, калыңдыгы 0,53–2,36 м, калайдын орт. өлчөмү 0,64%, вольфрамдын үч кычкылы–0,38%. Бекитилген запасы: калайдыкы С1+С2–149,1 миң т, вольфрамдыкы–С1+С2–95,6 миң т.

ЧУҢКУРЧАК ЗАКАЗНИГИ – Аламүдүн р-нундагы мамл. ботан. заказник. Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталында, Чуңкурчак суусунун (Аламүдүндүн куймасы) алабында. Аянты 100 га. Сейрек учуроочу жана эндемик өсүмдүктөрдүн табигый шартта (шалбаалуу талаа алкагында) жакшы өсүп, көбөйүп жаткан ареалдарын коргоо максатында 1979-ж. уюшулган.


Колдонулган адабияттар: © Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004



category:Кыргызстан category:География

Саламатсызбы Максат байке!Мен википедиядан видео-роликти коруп,маалыматтарды киргизгенди уйрондум.Мени блокировкадан алып чыгып коесузбу!Сиз менен байланыша албай жатам.