Колдонуучунун баарлашуулары:Акжолова Мейманбү Жолдошевна

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Барпы Алыкуловдун ыр казынасынан[булагын түзөтүү]

Акын Барпы Алыкуловдун али эч жерден жарыялана элек чыгармасын биздин “Жалал-Абад үнү” гезитинин редакциясына Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Жеңиш Тагаев тапшырды. Акындын 130 жылдык мааракеси өткөрүлүп жаткан азыркы шартта, аны өзгөртүүсүз берүүдөбүз.

Бообектен чыккан беш бала Адеби жок барышка, Кишиден кылам истала.* Бообектеги беш бала, Кара-Ингенде Сарык бий, Жалган эмес, анык бий – Мактаса жетпейт бардык бий.

Санатка кирген – Садыр бий, Бөрү болот баласы – Болжолу кыргыз сарасы. Карыптын көөнүн улаган, Жетим менен жесирдин, Ал-ахвалын сураган. Сөз жүйөсүн кынаган, Жетимче келсе алдыга – Пешенесин сылаган.

Базаркул бий – чечен бий, Айтканыга бекем бий. Күлүктү таптап минген бий, Күнгөйдө доор сүргөн бий. Үлпаттары саз болсо, Ак чатырга кирген бий.

Сайдали бий – семиз бий, Телегейи тегиз бий. Ыкыбал менен таалайы, Башыдан болгон эгиз бий. Мейман келсин деген бий, Уурулар түшсө колуга, Азабынын берген бий. Атаңа балли делген бий.

Назаралы – нарктуу бий, Элиге болгон парктуу бий. Бечарага наптуу* бий, Кыялы көпкө жаккан бий, Мусапыр келсе баккан бий. Элге келсе душманды, Сүрүштүрүп тапкан бий, Көпчүлүккө жаккан бий. Салганы эгиз коргон бий, Савлати тегиз болгон бий. Күн үзүлбөй үйүгө, Келип мейман толгон бий. Кадырлап жүрдү Барпыны, Калкалаганча калкыны. Бообектен чыккан беш бала, Көпчүлүк билген даңкыны.

Жүргөн жерим Ачыда, Кубандым мундуз калкыда. Айта берсе мындай ыр, Кайнап жатат Барпыда. Калбадым каңгып талаада, Уулумун деп атанып, Жети жыл жүрдүм Карада. Алганы Сайра байбиче, Асырап бакты өзүмдү. Көпчүлүктөн аябай, Ырдадым шондо сөзүмдү.

Жайчибектен беш уул: Кутмандуу – Култай бий, Манилүү – Базаркул. Кадыры ашык – Кара бий. Калкыдан чыккан даана бий. Сасыткысы – Сатылган, Курсакта урган – Кудайкул, Белгилесем баары ушул.

Култайдын уулу Турганбай, Элиде болдум көөнүм жай. Казылык кылган эки жыл, Элге сөзү сүйкүмдүү. Өзү терең илимдүү, Келген менен кеткенге,

Акылы артык билимдүү.

Базаркул уулу Маматай, Давлатка бүткөн жараш ай. Он жигитке баш болгон, Ойнотуп күндө мингени, Аргымак күлүк ат болгон. Атанын көрүп кылганын, Абалтан бери март болгон. Тургунбайдай казынын, Орунун алды бир күнү. Жети жыл журтту сураган, Жетимдин көөнүн улаган. Койчуман келсе колдогон, Корстук сөз мында болбогон. Жылкычы келсе жыргалда, Көңүлдү койдум ырдарга, Көңүлүм өсүп жыргадым, Мундуз элде турганда.

Ортончусу Бабатай, Бактыга бүткөн жараша ай. Маматай менен Бабатай, Ээрчишип жүргөн жанаша ай. Элим үчүн кубанып, Жети жыл сүрдүм тамаша ай.

Каранын уулу Сайранбай, Сайранбайдан көөнүм жай, Ырыстуу уулу Ысманбай, Акылдуу уулу – Анарбек, Анык үчүн жүрдүм кетпей көп. Сатылгандын баласы, Карында урган Казыбек. Жыйындай сүйлөйт чыркырап, Атасы тилдейт ыркырап. Сасыткысы – Сатылган, Жүрөгү чыгат зыркырап.

Кудай кулдан бала жок, Бул ырымда чала жок. Ан үчүн ырдап жүрдүк биз, Акылы атык Кара бий, Алып берди сулуу кыз, Аталыгын билгизип, Ак өргөөгө киргизип. Алып берген кызы – Акбурул, Бой жүргөнмүн мен мурун. Элге сөзүң жакпаса, Батынып жүрүш бир кыйын. Жаман тууган бейсаат, Карызга бербейт бир тыйын.

Короомо жайылтып, Койлуу кылган мундуз журт. Алыс менен жакынга, Парктуу кылган мундуз журт. Жөө жүргөн Барпыны, Аттуу кылган мундуз журт. Жазы жүргөн Барпыны, Аштуу кылган мундуз журт. Ызатыма кыз берип, Баштуу кылган мундуз журт.

Жетигимен көтөрүп, Чечен кылган мундуз журт. Жакшылыкты Барпыга, Нечен кылган мундуз журт. Убадалуу сөзүнө, Бекем турган мундуз журт.

Канатынын тагида, Калкалаган мундуз журт. Каршы келген душманды, Талкалаган мундуз журт. Күмүш жайлоо Күрөбөс, Жазда көчкөн мундуз журт. Мал семиртип, май алып, Жайда көчкөн мундуз журт. Чечектинин белине, Жетип конгон мундуз журт. Жайындасы жегени, Шилен болгон мундуз журт. Өргөвүгө калаган, Килем болгон мундуз журт.

Керилген жигит жетилип, Кенен өскөн мундуз журт. Камдиги жок баарыга, Белен өскөн мундуз журт. Эсеби жок көп койду, Кумга айдаган мундуз журт. Сур кашкалуу жылкысын, Сууга айдаган мундуз журт.

Мейман келсе ак чатыр, Белге тиккен мундуз журт. Жоловчулар көп өткөн, Жерге тиккен мундуз журт. Бетегеге бээлерин, Байлап жаткан мундуз журт. Белгилүү келген көп конок, Жайрап жаткан мундуз журт. Жыргалдыгын Барпы акын, Сайрап жаткан мундуз журт. Илбээсини артык көп, Атып жаткан мундуз журт. Кийик этин чогултуп, Басып жаткан мундуз журт. Жигити ноода жетилген, Күлүгү жем жеп секирген. Атасыга балли деп, Душмандар көрсө өкүнгөн.

Дасторкону ал болгон Өрүшү толо мал болгон. Сандыгы толо май болгон, Канчалык келсе көп мейман, Кубанып көөнү жай болгон. Байбичелер талыкпай, Кайнатканы чай болгон. Көчкөндө жүгүн артканы, Кызыл куйрук нар болгон. Шурудан буйла арттырган, Сулуу кызга тарттырган. Нечендер келсе мага окшоп, Асыраган колдогон. Жардысы ишин оңдогон, Кара бийдей азамат, Дүйнөдө бүтүн болбогон. Келген менен кеткенди, Сыйлабастан койбогон. Бир өзүмү дебестен, Элдин камын ойлогон.

            Түшүндүрмө сөздөр
  • Истала – ыйбаа, тартынуу, адеп сактоо
  • Нап – пайда
  • Бейсаат – битир, пайда чыкпаса деген мааниде
  • Шилен – салтанаттуу отуруш дасторкону.