Колдонуучунун баарлашуулары:Fredi5282

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Чолпон Ата жарым аралы Ысык- көлдүн түн. жээгинде,Чолпоната ш-на жакын жайгашкан. Көлгө 2,1 км кирип турат; туурасы 1,6 км. Чолпонатанын суу бөлгүчүнүн көл астындагы уландысы. Голоцендеги суу каптоо мезгилинде жа- рым аралдын аймагында кумай тектеринен турган арал болгон. Анын көп бөлүгү кийин суу каптоодон желип, жок болгон. Калдыктары голоцендин кумдуу катмар- ларынын астында жатат. Аралдан калган шилендилерден кум сайроондору пайда болгон. Маңдайынан анын ортосун карай жылган кум материалдары жарым аралдын эки капталында суу астындагы өрөөндөрдү пайда кылат. Андагы сайроон көлдү көздөй жылып, жарым аралдын чыгыш жагында бир нече майда көлдөрдү пайда кылган; алардын бири 70-жылдардын башында эле көл м-н туташып турган. Жарым аралдын тегерегиндеги кумдуу тайыз жерлер батышы м-н чыгышынан 50–100 мге чейин кууштап, таманы ылайлуу каньондорго өтөт. Ч. ж. а. ж-а анын айланасы Ысык- көл курорт зонасынын чордону. Жарым арал Коолубулуң, Кообулуң деп да аталат.



Колдонулган адабияттары Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004

   Электрондук версия, Асанов Э.Д., 2010