Колдонуучунун баарлашуулары:Okka 312

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Мухаммед (САВ) – адамдардын эң улугу. Майкл Харт Компьютер берген жыйынтык : Мухаммед (САВ) – адамдардын эң улугу. Америкалык жазуучу жана окумуштуу Майкл Харт адамзат тарыхындагы чыгаан 100 инсанды тандап, алардын коомго тийгизген таасирлерин даражасы боюнча изилдеп чыгып, алардын өмүр жолу жөнүндө бир эмгек жазмак болот. Бул 100 инсанды даражасы боюнча тизмектөөдө калыс болуу үчүн ал жана анын жардамчылары компьютерди колдонушту. Компьютерге бул чыгаан инсандардын жөндөмдөрүн, алдына койгон максаттарын, элге сиңирген эмгектерин, жетишкен ийгиликтерин, кылган аракеттерин жана адамзат тарыхына тийгизген таасирин киргизишти. Бул үчүн Харт жана анын жардамчылары бир нече ай бою жигердүү эмгектеништи. Компьютер анализдөө аркылуу тарыхта аты калган жүз чыгаан инсандын атын белгилеп берди. Эми компьютер мыктылардын эң мыктысы болгон инсанды аныкташы керек эле. Харт абдан толкундануу менен керектүү кнопканы басаары менен, экранда «Мухаммед Пайгамбар (САВ)» -деген жазуу пайда болот. Харт жана анын кесиптештери абдан таң калышат. Жардамчылары компьютерде кандайдыр бир ката кетти деген ой менен экспериментти кайрадан өткөрүүнү суранышат. Бардык маалыматтарды кайрадан текшерип чыгышат. Бирок компьютер кайра эле баягы жазууну көрсөтөт: «Мухаммед Пайгамбар (САВ)». Бирок компьютердин жообуна канааттанбаган Харт жана анын жардамчылары бул экспериментти бир нече жолу кайталашат. Ал эми компьютер болсо өз дегенинен кайтпайт. Анан окумуштуулар бул фактыны кабылдоого аргасыз болушат. Эксперименттин жыйынтыгы боюнча Майкл Харт пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) биринчи орунда турган «Тарыхтагы 100 инсан» аттуу китебин жазып чыкты. Китеп АКШда жарык көрдү. Бул китептин кээ бир жерлеринен мисал келтирели: «…Ал - Мухаммед пайгамбар (САВ) адамзат тарыхында дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүшүндө жана диний иштерде эң көп ийгиликке жетишкен жападан-жалгыз инсан. …Ал каза болгондон 14 кылым өткөндөн кийин да анын бүткүл дүйнөгө тийгизген таасири абдан чоң». Булак: “СҮЙҮКТҮҮ ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МУХАММЕДДИН (САВ) ӨМҮР БАЯНЫ” китебинен.