Колдонуучу:Namir

Википедия дан

Келгиле достор! Кыргыз Уикипедиясына колдон келген жардамыбызды аябайлы. Кыргыз тилин да заманбап технологиялар жөнүндө маалыматтарга бай тилдердин катарына кошолу. Келечек муундар бизден нараазы болбосун.

Уикипедиядагы макалалардын ар бир санынын көбөйүшүнө бардык эле кыргыз үчүн күйгөн уул-кыздар кызыкдар. Бирок бул макалалардын сапатына көңүл бурбай коюу деген эмес да. Мисалы: Казак Уикипедиясында азыр 162050 макала бар жана бул көрсөткүч Кыргыз Уикипедиясынан 10 эсе көп дегенди билдирет. Бирок бул көрсөткүч менен эле казак баурларыбыздын тилинде укмуштай чоң маалымат жыйналды деп айтуу кыйын. Анткени алардын көп макалалары эки же үч сөздөн турат. Башкача айтканда сөздүк сыяктуу.

Айтайын дегеним келгиле колубуздан келишинче сапаттуу макала жараталы. Же жок дегенде мурда түзүлгөн макалаларды оңдоп түзөөгө жана толуктоого жардам берели!

Wikipedia:Babel
ky Бул колдонуучунун эне тили Кыргызча.
ru-2 Этот участник неплохо знает русский язык.
ar-3 هذا المستخدم يجيد اللغة العربية
en-1 This user is able to contribute with a basic level of English.