Коллоиддик химия

Википедия дан

Коллоиддик химия – гетерогендүү дисперстик системалар, коллоиддик эритмелер жана ири мол-лык массалуу бирикмелердин физика-химиялык касиеттерин, беттик кубулуш негизинде үйрөтүүчү физикалык химиянын бөлүгү. «Коллоид» – крахмал, желимге окшош дегенди билдирет. К. х. негизги объектилерине: ири дисперстик системалар-суспенсия, эмульсия, күкүмдөр, микрогетерогендүү Д. с.-аэрозольдор, көбүктөр, жогорку дисперстик системалар – коллоиддик эритмелер жана ири мол-лык массадагы бирикмелер, полимерлер, белок заттары, нуклеин к-талары жана башка кирет. К. х. коллоиддик абалдагы заттар физ.-хим. касиеттерин, дисперстик даражасын, бөлүкчөлөр түзүлүшүн изилдейт. Диализ, ультра чыпкалоо, электроосмос, ультрамикроскопия, электрондук микроскопия, нефелометрия жана башка методдор өркүндөшү, К. х. өзгөчө объектерди изилдөөгө мүмкүндүгү жол ачат. Азыркы К. х. мол-кинетикалык кубулуштарды (броун кыймылы, диффузия) беттик кубулуштар (адсорбция, адгезия) дисперстик фазанын пайда болушун, коллоиддик бөлүкчөнүн түзүлүшүн, дисперстик системанын физ.-хим. механикасын жана башка изилдейт. Коллоиддик абал жаратылышта кеңири таралган. Ал өсүмдүк менен жаныбар организми, гидросфера, атмосфера жана башка көп түрдүү ири дисперстик жана коллоид дисперстик системалар татаал жыйындысынан турат. Курулуш материалдары, силикаттар, пластмасса, резина, тоо-кендерин бургулоо жана башка техникалык процесстердин илимий негиздерин иштеп чыгууда К. х. мааниси чоң. Коллоиддик абал спецификалык өзгөчөлүктөрү жана касиеттери фазалар тийишкен чегинде – беттик кубулуштар негизинде байкалат. Жалпы гетерогендүү дисперстик системалар классификациясы дисперстүүлүк даражасы (майдаланган шар формасындагы бөлүкчөнүн диаметри), д. фаза менен д. чөйрөнүн агрегаттык абалына жана алардын өз ара аракеттешүүсүнө жараша түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]