Коло доорундагы кенчтер

Википедия дан

Коло доорундагы кенчтер - Кыргызстандын түндүгүндө табылган коло кенчтер жана казыналар аймакта биздин заманга чейинки 12-9-кылымда металл иштетүү болгондугун далилдейт. Алар археология илиминде Жети-Суу очогу деп аталат. Жети-Суу очогунан 12 кенч табылып, анда 100дөн ашык буюм болгон. 12 кенчтин тогузу Чүй өрөөнүндөгү Садовый айылынан Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Каракол айылына чейинки аймакта табылган. Металл өндүрүү жана андан буюмдарды жасоо технологиясы коло доорунун маданиятын окуп үйрөнүүдө мааниси зор. А. Д. Дегтяреванын изилдөөсү боюнча Жети-Суу очогунда коло буюмдарын даярдоодо коргошун, висмут, күмүш, мышьяк көп кошулуп, калыпка куюлгандан кийин металлдын сапатына жараша ысытып, кээде муздак да чабышкан. Жети-Суунун байыркы металл иштетүүчүлөрүнүн салттуу такшалган ыкмалары болгон, алар укумдантукумга өтүп турган. Профессор Е. Е. Кузьмина Орто Азиядагы коло доорунун кенчтерин эки түргө айырмалайт: 1) уютулган коло, куюлуп жасалган жана жарымжартылай даяр буюмдар; 2) эмгек, согуш куралдары, кооздуктар жана өздүк буюмдар. Коло доорундагы кенчтер жеке менчиктин пайда болушу, өз ара согуштардын тереңдеши, мүлктүк теңсиздиктин жогорулашы, металл иштетүүчүлөрдүн өз алдынча адистешиши, соода, алмашуунун өнүгүшү менен байланыштуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]