Коло доору. Ош турган жайы.

Википедия дан


Коло доору. Ош турган жайы.
Коло доорунда (биздин заманга чейин 3- миң жылдык- биздин заманга чейин 1-миң жылдыктын башы) техника менен маданияттын ѳнүгүшү бир топ ылдамдап, мунун негизинде Жакынкы чыгыштагы кул ээлѳѳчүлүк мамлекеттерге жерди суугаруу, айдоо, кол ѳнѳрчүлүк, жазуу иштери ѳнүккѳн. Европа менен Азиянын көпчүлүк жерлеринде мал чарбачылыгы кеңири тарап , энелик доорду аталык доору, коло доорун темир доору алмаштырган. Борбор Азиянын туштүк- батышында отурукташып, дыканчылык менен кесип кылган уруулар коло иштетүү жагынан жогорку деңгээлге жетишкен. Болжол менен биздин заманга чейин 5-миң жылдыкта Орто Азияда жез кеңири жайылып , андан эмгек куралдары жасала баштаган. Бирок жезден жасалган куралдар жумшак келип, тез мокогон. Качан гана адамдар жез менен калайдын кошулмасынан колону алууга үйрѳнгѳндѳ, адамзат коомунда ири прогрессивдүү ѳзгѳруштѳр башталган. Кыргызстандын аймагынан жез кендери Ноокаттан, Чаткалдан, Кетментѳбѳдѳн, калай Ысыккѳлѳдгү Сарыжаз суусунун жээгинен казылып алынган. Коло доорунда Кыргызстандын аймагында эки маданият ѳнүккѳн. Борбор Теңиртоодо , Ысыккѳлдѳ , Чуй жана Талас ѳрѳѳндѳрүндѳ кѳчмѳн мал чарбачылыгы аздыр- кѳптүр дыйканчылык, аңчылык менен айкалышып ѳнүккѳн. Бул кездеги адамдар казак талааларындагы жана Түштүк Сибирдеги элдер, уруулар менен байланышта болгон. Тектеш чарбалык маданий эстеликтеринен улам алардын маданиятын Андрон маданияты деп аташат. Бул маданияттын эң бай кенчи Кочкор ѳрѳѳнундѳгу Шамшы айылында табылган. Андрон маданиятынын ѳкүлдѳрү кыргызстандагы бийик тоолуу Аксай, Арпа ѳрѳѳндѳрүн да ѳздѳштурушкѳн. Кол ѳнѳрчүлѳр ѳз алдынча кесип ээлери катары бѳлүнѳ баштаган. Колодон канжар, найзанын, жебенин учтарын, орок , балта жасашкан, жүндѳн кездеме токуганды жана тери иштеткенди мыкты ѳздѳштүрүшкѳн. Коло дорунун биздин заманга чейин 18- 15-кылымга таандык тургун жайы Чүй ѳрѳѳнундѳгү Беловодскиден, биздин заманга чейин 12-9 кылымга таандык эстеликтерди , аска бетине тартылган сүрѳттѳрдү Аламүдүн, Александровка, Жайылма жана Кайыңдыдан табышкан. Токтогул районунун жаны борборун куруу мезгилинде Андрон маданиятынын мезгилиндеги турак үй табылган. Ал бир метрдей казылган 70 чарчы метрдей жерге тургузулган. Бул жер үйдүн дубалы жана үстү устундар менен бекитилип, чырпык менен каланган жана ылай менен шыбалган. Мында 25тей адамдан турган үй-булѳ биргелешип чарба жүргүзгѳн.

Коло дорунда ѳлгѳндѳрдү ѳрттѳѳ жана жерге коюу салты колдонулган. Мүрзѳлѳргѳ тамак- аш, металлдан жасалган бычактар, ийнелер, сѳйкѳлѳр, билериктер жана башка кошо коюлган. Кыргызстандын  айрым жерлеринен коло дооруна тиешелүү байыркы кенчтер табылган. Коло дооруна таандык  аскага тартылган сүроттѳр Жалалабад облусундагы Тогузторо районунда жайгашкан Когарт суусунун батышындагы  саймалыташ сүрѳт галериясында топтолгон. Саймалыташ- таш бетине чегилген сүрѳттѳрдүн дуйнѳдѳгү эң чоң, уникалдуу галереясы. Аз сандагы аскага тартылган сүрѳттѳр Сулайман тоосунан. Араван кыштагына жакын аскадан, Чолпоната шаарына жакын жерден,  Кетментѳбѳ жана  Алай ѳрѳѳндѳрүнѳн табылган.

Андрон маданиятындагы уруулар негизинен мал чарбачылыгы менен кесип кылышкан. Жылкыны ѳзгѳчѳ аздектеп асырашкан. Андрон маданиятындагылар алгачкылардан болуп кымыз жасаганды үйрѳнүшкѳн деген пикир бар. Андрон маданиятынын ѳкүлдѳрү социалдык жактан үй- бүлѳлѳргѳ бѳлүнуп жашашкан. Ал үй- бүлѳлѳр уруктардды тузгѳн. Уруктар ири урууларга бириккен. Коомдук ѳндүрүштун жакшырышы менен азык түлүк, байлыктар кѳбүрѳѳк ѳндүрүлѳ баштаган. Урук башкаруучусу мүмкүнчүлүктѳн пайдаланып , байлыктын кѳбүн ѳзүнѳ ыйгарган . Аскер башчылары жана дин башчылары ѳзгѳчѳ укуктарга ээ болушкан. Коомдо теңсиздиктин алгачкы белгилери пайда болгон. Буд доордо уруктун жана уруунун башына эркек жол башчылары туруп, ата бийлигинин доору – патриархат ѳз үстѳмдүгүн жүргүзгѳн. Кыргызстандандын түштүгүндѳгү Фергана ѳрѳѳнүндѳ байыркы дыйканчылыкка негизделген экинчи маданият ѳнүккѳн. Ал шарттуу түрдѳ Чуст маданияты деп аталган. Чуст маданиятындагы уруулардын социалдык түзүлүшүндѳ да теңсиздик ѳкүм сүргѳн. Бул маданияттын ѳкүлдѳрү буудай, арпа, таруу, сулу ѳстүрүшүп, бирок мал чарбасы буларда негизги тармак болгон эмес. Кол ѳнѳрчүлүк андрон маданиятына салыштырмалуу күчтуү ѳнүккѳн. Түшүмдү таш, коло ороктор менен орушкан. Эгиңди үйдүн ичине казылган ороолордо сакташкан. Айрым ороолорго бир тоннадай эгин баткан. Байыркы ферганалыктардын таш ороктору Ысыккѳлдун уч жеринен, Чыгыш Түркстандан, озбекстандын түштүгүнѳн кездешкен. Чуст тургун жайларыѳзгондүн жанынан, Куршабдан, Ноокаттан табылган. Бул маданияттын эн байыркы жана ѳзүнчѳ айрымалуу эстеликтеринин бири-коло доорундагы Ош тургун жайы. Ал узундугу 200метрден кем эмес аянты ээлеп, Сулайман тоосунун Түштүк тарабындагы тик капталда тектир- тектир болуп жайгашкан. Ошол кезде үйлѳр сулайман тоосунун борборундагы бийик аскасын тегерете жайгашкандыгы жѳүндѳ божомолдоого болот. 70тен ашуун ороолор табылган. Археологдор тарабынан бул тургун жай дыкат изилденип. Азыркы Ош аймагында алгач отурукташып , дыйканчылык менен кесиптешкен калктуу тургун жай мындан 3 миӊ жыл мурда пайда болгондугу аныкталды. Ош тургун жайынан 70тен ашуун ороолор табылган. Аларда дан жана башка азык- түлүктѳр сакташкан.