Кома( медицина)

Wikipedia дан

Кома (грек. κῶμα — терең уйку) — акыл-эс жоголуп, өмүргө коркунуч келтирүүчү абал. Мээде кан айлануу бузулуудан же ууланууда борбордук нерв системасынын клеткалары жабыркагандан болот. Анда дем алуу, кан айлануу бузулуп, өлүм коркунучу туулат. Команын пайда болушуна мээнин травмасы, сезгенүүсү (энцефалит, менингит, безгек), инсульт, организмдин ууланышы (алкоголь, барбитурат, ис уруу жана башка), кант диабети, уремия, гепатит ооруларынын кабылдашы себеп болот.

Кома жай өөрчүйт, адегенде алы кетип, угуу начарлайт, уйкусу келет. Акыл-эсин жогото электе догдур чакырып, тиешелүү жардам берүү команын алдын алып, оорулуунун өмүрүн сактап калат. Кома болгон адам терең уйкуда жаткандай сезилет, эсинен танып чөйрөгө реакция болбойт, көздүн кареги кеңейет, кыркырап тез-тез дем алат. Кээде кан басымы төмөндөп, коллапс пайда болот.

Команын бардык учурунда медициналык тез жардам чакыруу зарыл. Оорулуу эс-учу жок жаткандыктан жанындагылар кома болордун алдындагы абалын айтып бериши медициналык кызматкерге комага алып келген себепти туура табууга жардам берет. Мындай оорулуулар жанында медициналык мекеменин справкасын, оорусу жана кабыл алуучу дарылары жөнүндө маалыматты алып жүрүшү зарыл. Дарылоо канчалык эрте башталса, ошончолук натыйжалуу болот.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8