Компас (жабдык)

Wikipedia дан

Компас — мейкиндикти аныктоо үчүн колдонулган жабдык.

Азыркы замандын компасы

[оңдоо] Сөздүн этимологиясы

Латынчанын карапайым тилиндеги *compassare «өлчөө» деген сөзүнөн келип чыгат. Кыргыз тилине орус тилиндеги ко́мпас сөзү аркылуу кирген. Ал эми орус тилине немис тилиндеги Kómpass сөзүнөн өздөштүрүлүп алынган.

[оңдоо] Тарыхы

Магниттин уюлдарды жана жердин тартылуу күчүнүн магнитке тийгизген таасирин алгачкылардан болуп кытайлар изилдешкени маалым. Кытайлар бул ачылышты 1100-жылдары Сун династиясынын тушунда жасашкан. Жаңы жабдык ал кезде чөлдөгү ориентацияны билүү үчүн колдонулган. Жабдык кийинчерээк араб саякатчыларынан колуна өтүп, алар тарабынан да кеңири пайдаланылган. Ошентип, 12-кылымдардын акыркы ченинде Европага жеткен. Француз булактарында алгачкы ирет 1200-жылдары учурай баштайт. Көп өтпөй эле 1207-жылы Англияга, 1213-жылы Исландияга билинген. Ал кездердеги компас абдан примитивдүү формага ээ болгон. Азыркы формасы Пьер де Марикор (Pierre de Maricourt) тарабынан 1269-жылы ойлоп чыгарылган.

[оңдоо] Колдонуу чөйрөсү

Тарыхта компасты саякатчылар (бөтөнчө, деңиз саякатчылары), учкучтар, аскерлер, металлургдар, архитекторлор, токойчулар, геодезисттери (карталарды түзүү максатында), тыңчылар, альпинисттер, спортчулар көбүрөөк колдонушкан.

Жеке аспаптар
Аталыш топтому

Варианттар
Көрсөтүүлөр
Аракеттер
Багыттоо
Аспап кутусу
Башка тилдерде