Компьютер програмын структуралуу иштеп чыгуу

Википедия дан

Компьютер програмын структуралуу иштеп чыгуу (Program structure development - Структурная разработка программ).
Програмдын модулу аныкталгандан кийин, программалоочунун кийинки кадамында, ар бир модулда баяндалган милдетти аткартуу үчүн, талап кылынган процедурдун логиктик тартиби аныкталат. Модулдун процедурунун график же жазуу менен баяндалышы чечимдин алгоритми же програмдын логикасы деп аталат. Програмдын логиктик тартибин аныктоо програмдоочу үчүн адатта стимулдоочу маселе болуп саналат. Бул жерде чыгармачылык потенциал сыяктуу долбоорлоонун структуралаштырылган концепциясын түшүнүү талап кылынат. Ошентип, чечимдин алгоритмин долбоорлоо иши искусство жана жөндөм болуп саналат.
Структуралуу долбоор. Програмды түзүүнүн логиктик тартиби башкаруунун үч комбинациясынан турат. Башкаруу структуралары бир катар көрсөтмөлөрдөн турат, алар програмдын көрсөтмөлөрүнүн аткартуу жана логиктик тартибин башкарат. Програмдагы ар бир модул демейде бирден көп башкаруу структурасынан турушу мүмкүн. Структуралык долбоорлоодо колдонулган башкаруу структураларына удаалаш, тандоо жана кайталоо структуралары кирет. Удаалаш структураны башкаруу удаалаш аткарылуучу аракеттер же жалгыз аракетти көрсөтүү үчүн колдонулат. Киргизүү, иштетүү жана чыгаруу процесстери аракет катары кабыл алынган. Аракеттерге отчетту окуу, орточону жана жыйынтыкты эсептөө, жыйынтыкты басып чыгаруу мисал боло алат . Тандоо структурсын башкарууда кандайдыр бир шартка негизделген айрым аракетти аткартууну програмга кабарлайт. Шарт баалангандан кийин, жыйынтыгы чын же жалган болот. Сүрөттө шарт ромб түрүндө берилген, эгерде шарттын жыйынтыгы чын болсо, анда бир аракет, ал эми жалган болсо башка аракет аткарылат. Бул структура кээде if-then-else структурасы деп да аталат. if-then-else шарты бааланганда жыйынтыгы чын же жалган болгон эки мүмкүнчүлүктүн бирин берет, ал эми үчтөн көп сандагы мүмкүнчүлүктөрдүн бирин тандоодо кокустан тандоо структурасын башкаруу колдонулат. Тандоо структурасын башкаруунун жалпыланышы болуп кокустан тандоо структурасын башкаруу эсептелет. Кайталоо структурасын башкаруу шарт аткарылбай калганга чейин аркеттердин тобун бир нече жолу аткартууда колдонулат. Кайталоо структурасын башкаруунун do-while жана do-until деген эки түрү бар. Кайталоонун do-while структурасын башкарууда кайталоо шарты кайталануучу аракеттердин алдында текшерилет, эгерде шарт жыйынтыгы чын болсо, анда түйүндүн ичиндеги аракеттер аткарылат. Түйүндүн аткарылышы шарт жыйынтыгы жалган болуп калганга чейин кайталана берет. Кайталоонун do-until башкаруу структурасы do-while структурасына окшобойт, андан негизги эки айырмасы бар. Биринчиси do-until структурасында кайталоо шарты түйүндүн аягында текшерилет, демек башкаруу структурасынын аракеттери жок дегенде бир жолу аткарылат, do-while башкаруу структурасында биринчи жолу текшерилгенде шарт жалган болуп калса, анда түйүн бир жолу дагы аткарылбай калат. Экинчиден do-while башкаруу структурасында шарт жалган болгондо кайталоо токтолот, ал эми do-until структурасынан чыгуу качан гана шарт чын болуп калганда аткарылат.

Колдонулган булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак. Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы. Бишкек 2004-ж.