Компьютер тармагы

Википедия дан

Компьютер тармагы - бул ар түрдүү байланыш каналдары аркылуу байланышууга жана ресурстарды чогуу колдонууга мүмкүнчүлук түзгөн компьютерлердин тобу. Тармактар бир нече характеристикага жараша болүнөт.

Максаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Компьютер тармактары төмөнкү максаттар үчүн колдонулат:

  • Байланышты жеңилдетүү. Тармакты колдонуп адамдар электрондук почта, чат, телефон, видео телефон чалуулар, видео-конференция

аркылуу оңой жана эффективдүү түрдө байланыша алышат.

  • Хардвейрди бөлүшүү. Тармактагы ар бир компьютер бөлүшүлгөн принтер сыяктуу ресурстарды колдоно алат.
  • Файл, дата, маалымат бөлүшүү. Авторизациядан өткөн колдонуучу тармакка байланган башка компьютерлерде жайгашкан маалыматтаргы ала алат.
  • Программаларды бөлүшүү. Тармакка байланган колдонуучу алыста жайгашкан компьютерлердеги программаларды иштете алат.
  • Маалыматты сактоо.